Улам убакыт өткөн сайын коомчулуктун тынчын алган айрым көйгөйлөр да жаңы жагдайларга, абалга жана кырдаалга дуушар болуп, дагы жаңы көйгөйлөрдү жаратып келет. Бир абалдан экинчи абалга өтүп, жаңы кырдаалга ыңгайлашып, отоо чөптөй коомду чырмап келаткан көйгөйлөрдүн бири – экстремисттик маанайдын коомдо таркалып жатышы. Бул жааттагы эксперттер эми бул багыттагы активдүү аракеттер түрмөлөрдө да болуп жатканын кеп кылышууда.
Экстремизм динди пайдаланып жатат
Албетте, дүйнөгө кеңири таралган диндер коомчулукту адеп-ахлакка, кайсы бир туура нукка буруу идеяларын таркатуучу күчкө ээ. Эгер айтылуу диндерге көңүл төшөп, аларды түшүнүүгө аракет жасасак, анда алардын экстремисттик идеяларга каршы турары айкын болот. Бирок…
Адамзат тарыхында дин аркылуу акыл-эсти, адамдын жандүйнөсүн ээлеп алуу, ошол аркылуу кайсы бир идеяларды (мейли ал туура же туура эмес идея болсун) ишке ашыруу, коомду башкарууга, саясий бийлик жүргүзүүгө ресурс катары пайдалануу аракети дамамат болуп келген. Азыркы заманда ири мамлекеттер, эл аралык саясий күчтөр жана ар кандай башка багыттагы синдикаттар да динди пайдалануу менен өз максаттарына жетүү аракеттерин жүргүзүп келатканын жакшы билебиз. Бул — талашсыз факт.
Эл аралык масштабда ар кайсы күчтөр Ислам динин кантип пайдаланып жатышканын көпчүлүк билип-көрүп турушат. Бир тарабы Ислам динин экстремисттик маанайды таркатуучу ири күч катары баалап, ушул нукта жайылтуу иштерин алып барышса, башкалары Исламдын туусун көтөргөн болуп, чыныгы экстремисттик-террордук аракеттерди жасашууда. Бүткүл дүйнөгө бүлүк салган “Ислам мамлекети” деп аталган террордук уюм жана анын кылган аракеттери буга далил.
Бир гана Кыргызстанда ишмердигине мыйзам тарабынан тыюу салынган ондон ашуун ар кандай дин уюмдары аракет кылып келатышканы, алар коомчулуктун диний маалыматынын жетишсиздигинен экстремисттик маанайды жайылтып, коомго реалдуу коркунуч алып келе баштаганы да жашыруун эмес. Бир кезде чет жактардын реалдуулугу болуп калган террордук актылар бизде да пайда болду. Ал эми тыюу салынган экстремисттик уюмдардын өкүлдөрү четинен кармалып жатышат.
Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматындагылар билдиришинче, Кыргызстандын түрмөлөрүндө “Жайшуль Махди”, “Жабхат ан-Нусра” жана “Хизб ут-Тахрир” террордук жана экстремисттик уюмдарынын соттолгон мүчөлөрү бар. Эгер алар кечээ коомчулук арасында иш жүргүзүп келсе, эми түрмөлөрдө жазасын аткарып жаткандар арасында иш жүргүзүп жатканы жашыруун эмес. Жаза өтөө жайларында соттолуп, коомго жана мамлекетке карата терс маанайдагы жарандар аз эмес, демек, алар өздөрүнүн таасир чөйрөсүн кеңейтип жатышат.
Албетте, экстремисттик маанайды, идеяларды таркатуу өткөн кылымдын 90-жылдарында “Хизб ут-Тахрир” уюму тарабынан ачыктан-ачык эле жүргүзүлсө, азыркы кезде экстремисттик уюмдар тактиканы өзгөртүшкөн. Мындай терс идеяларды акырындык менен абайлап жүргүзүшөт. Түпкү максатты билбеген, түшүнбөгөн атуулдар, айрыкча жаштар жакшы сөздүн, жакшы аракеттердин артынан терс жагдайларга кантип түшүп калганын байкабай калышат. Ислам дининин оң баалуулуктарын пайдаланып, акырында терс максаттарды ишке ашыруу – азыркы кездеги эң натыйжалуу ресурска айланып баратат.
Экстремисттердин саны өсүп жатабы?
Бир кезде бир гана “Хизб ут-Тахрир” уюму коомго көйгөй салып келсе, азыркы тапта мындай уюмдардын саны жыйырмага жакындап калды. Кыргыз Республикасынын сотторунун түрдүү инстанциялары өлкөнүн аймагында бир нече диний бирикмелерге өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салган. Мындай маалымат КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын расмий сайтында маалымдалат. Тыюу салынган уюмдардын жалпы саны 19ду түзөт. Алар: 1. «Аль-Каида». 2. «Талибан» кыймылы. 3 «Чыгыш Түркстандагы Ислам кыймылы». 4. «Күрд элдик конгресси» («Конгра-Гель»). 5. «Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму». 6. «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами». 7. «Жихад тобу» («Ислам жихад союзу»). 8. «Түркстан Ислам партиясы» («Өзбекстан Ислам кыймылы»). 9. «Биригүү чиркөөсү» (Муна чиркөөсү). 10. «Жайшуль Махди». 11. «Жундь-аль Халифат» («Жунд-аль Халифат»). 12. «Ансаруллох» (Ансарул Аллах). 13. «Ат-Такфир Валь-Хиджра» («Ат-Такфир ва-л-Хиджра»). 14. «Акромия». 15. Александр Тихомировдун (лакап аты Саид Бурятский) ишмердигине үгүттөгөн жана анын пропагандалык материалдары. 16. «ИГИЛ». 17. «Жабхат ан-Нусра». 18. «Катибат аль-Имам аль-Бухари». 19. «Жаннат Ошиклар».
Демек, коомду бузуп-жаруу, ага бүлүк салуу, акыры оор жагдайларга алып келүүчү күчтөрдүн саны артты, ошону менен бирге экстремисттик идеялардын артынан ээрчигендер саны да өсүп жатат деп корутунду чыгарууга болот. Чынында эле акыркы жылдары Кыргызстанда терроризмге жана экстремизмге айыпталгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Түрмөлөрдү реформалоо боюнча эл аралык уюмдун аймактык директору Азамат Шамбилов «Кабар» агенттигинин көчмө маалымат жыйынында билдирген. Анын айтымында, мындай адамдардын саны 5,3 эсе өскөн жана жыл сайын көбөйүп жатат. Ошол эле учурда экстремизм жана терроризм үчүн камакка алынган адамдардын саны 62ден 191ге өскөн.
Кептин баары мындай маанайга берилгендер жаза өтөө жайларында да көбөйүп жатканында. Демек, жаза аткаруу тармагында да бир катар иш-чараларды ишке ашыруу зарылдыгы келип чыгууда. Себеби, түрмөлөрдөгү абал, ал жердегилерге түзүлгөн адам чыдагыс шарттар, зордук-зомбулуктар, адам укуктарынын сакталбашы жана таптакыр терс багыттагы тартиптин орун алышы жаны кыйналган ар бир атуулдун башка идеяларга бат эле жетеленип кетишине алып келет. Демек, абак кызматы бардык камактагылар үчүн ишеничтүү корголгон шарттарды камсыздоого жана эл аралык стандарттарга ылайык түрмөлөрдү башкарууга жоопкерчиликтүү. Мындай амал камактагылардын экстремисттик топтор тарабынан жалдануу мүмкүнчүлүгүн азайтат. Бирок, аны биз азыркы шарттар жасай алабызбы? Бул жагынан алганда да ойлоно турган иш көп.
Эмнелерди жасаш керек?
Экстремизмге, террорчулукка каршы аракеттер ошол өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери эле жүрүп келет. Болгондо да тынымсыз жүрүп келет: ар кандай коомдук иш-чаралар, талкуу майдандары, өз ара диалогдор, алдын алуу иш-чаралары катары мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында, жамааттарда атайын долбоорлор, элдин аң-сезимине таасир этүү чаралары, дин жана бейөкмөт уюмдары менен чогуу аракеттенишүү, конференциялар байма-бай жүрдү. Көп акчалар короду, мээнет кетти. Бирок, натыйжа кандай болду? Аны жогоруда айтып кеттик, анчалык жакшы болбой атыптыр.
Кыргызстан терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча бир катар чараларды көрүп жатканы тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, Укук тартиби, кылмыштуулук, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитеттин төрагасы Наталья Никитенко “Радикалдаштыруунун жана экстремизмдин жайылышынын алдын алуу максатында түрмөлөрдү натыйжалуу башкаруу үчүн эл аралык стандарттарды киргизүү” темасында өткөн тегерек үстөлдүн жүрүшүндө билдирди. Чынында эле аракеттер болуп атат, анда кеп жок. Бирок, биз күткөн натыйжага качан жакындайбыз, кеп ошондо болуп атат.
Биз көп убакыттан бери келип чыккан себептер менен эмес, натыйжалар менен күрөшүп келебиз. Терс маанайга берилип, мыйзамсыз аракет кылгандарды камап атабыз. Курч көзөмөл дайыма жүрүп жатат, түшүндүрүү иштери деле болуп атат. Мечиттер жана дин кызматкерлери да көзөмөлдө, алар менен чогуу коомго оң таасир көрсөтүү жагы колго алынган. Бирок, ушунун баары жетишсиз болуп жатат.
Биринчиден, бардык терс жагдайларга жакшы кыртыш болуп берүүчү нерсе — коомдун социалдык абалынын деңгээли. Эгер жакырчылык этектен алып, элди кыйнап турса; коомдо адилеттик болбой, укук коргоо органдары менен сот органдары адилетсиз иштесе; бийлик органдарына коррупция гүлдөп, мыйзамсыз алыш-бериш нормага айланып кетсе; коомчулуктун укук аң-сезими төмөн болуп, аны артынан ээрчиткен коомдук идеология же бириктирүүчү идеялар болбосо, анда экстремизмге жана террорчулукка жаккан жакшы коомдук кыртыш түзүлдү дей бер.
Экинчиден, азыр коомчулук Ислам баалуулуктарын жакшы билеби? Дин деген эмне экенин, анын коомду өнүктүрүүдөгү ролун жана ордун билеби? Имамдарыбыздын өзү нукура Ислам баалуулуктарынан, Исламдагы укук жана тартип кандай болорунан кабары барбы? Алар диний түшүнүктөрүн, билимдерин коомду өнүктүрүү, бириктирүү багытына жумшай алышабы? Саясий жана диний консенсусту камсыз кыла алышабы? Менимче, биз али бул нерсеге жетише элекпиз. Имамдарыбыздын диний жана светтик аң-сезими төмөн бойдон калууда, мунун өзү да коомдо терс жагдайларды түзүлүшүнө жакшы кыртыш болуп берет.
Үчүнчүдөн, жалпы коомдун тамырын кармап, коомдук маанайды, коомдук тенденцияларды, коомдук климатты аныктап, диагноз коюп, анан коомдук илдеттерден арылуу багыттарын көрсөтүп, ага өзү активдүү катышкан реалдуу маалымат процесси да бизде болбой жатат. Коомдогу маалымат процесси инсанды калыптандыруучу негизги рычаг, ресурс экенин эч канча эстен чыгарууга болбойт. Инсан, анын аң-сезими — маалыматтык процесстин продуктысы. Демек, коомду өнүктүрүүчү, аны иретке салуучу, бузуучулук эмес, түзүүчүлүк менен алектенген максаттуу, жолго салынган, мамлекеттин жана коомдун түпкү максаттарына баш ийдирилген ырааттуу маалымат процесси да бизде болбой жатат. Коомдогу маалымат коопсуздугу жөн эле модага айланган сөз эмес, же кайсы бир күчтөр же мамлекеттик чөйрөлөр пайдаланган пиар жүрүш да эмес. Чындап келгенде биздин коомубуз бул жагынан да катуу аксап турат. Демек, экстремизм маанайын жайылтуунун жакшы кыртышы турат.
Төртүнчүдөн, коомдо күчтүү билим берүү системасы болууга тийиш. Дал ошол билим берүү системасы гана коомду жарык кылат, коомдук аң-сезимди көтөрөт, жалпы коомду алга жетелеп, өнүктүрөт, терс жагдайлардан арылтат. Тилекке каршы, бизде бул тармак тирүү болуп санда жок, өлүү болуп көрдө жок абалында калган. Сан жетпеген окуу жайларыбыз бар, бирок сабаттуу кадрларыбыз аз. Ал аз сандагы кадрлар да жанын багып сыртта жүрүшөт. Коомдогу туташ сабатсыздык (бул терминди айтпаска арга калбады), караңгылык ар кандай терс маанайлардын коомдо жайылышына жакшы кыртыш болуп берет.
Мына ушул жогорудагы көрүнүштөр болуп турганда коомубузда жакшы адеп-ахлак, нарк-насил, биримдик, өнүгүү багыты, туура кадамдар, жакшы ниеттердин салтанат курушу болобу? Жакырдык, коррупция, караңгылык каптаган коомдо кайсы бир жакшы нерсе болобу?
Демек, бизде бир гана жол калды: терс жагдайдын түзүлүшүнө пайдубал болгон себептерди жок кылуу керек. Ал себептер жогоруда айтылды.
Эркин КАМАЛОВ,
Жалал-Абад областы.
15-январь 2020-жыл.