Өзбекстандын парламенти – Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасы “Өзбекстан Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун карап жатат. Анда калктын өздүк огороддорун талаптагыдай пайдаланбагандык үчүн айып пул салуу маселеси бар. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен өлкөдөгү интернет басылмалар жазып чыгышты.
Анда билдирилгендей, парламенттин мүчөлөрү жер-жерлерге барышып, жергиликтүү калк өздүк огороддордон туура, натыйжалуу пайдаланбай жатышканын, эгин эгүү, көчөт отургузуу иштерин жүргүзбөгөнүн, анын кесепети жалпы эле азык-түлүк резервин түзүүгө терс таасирин тийгиши мүмкүндүгүн көрүшкөн. Жергиликтүү калк колундагы жакшы мүмкүнчүлүктөн пайдаланбай жатканы байкалган. Муну эске алуу менен мыйзамга өзгөртүү киргизүү аркылуу калкты мобилизациялоону зарыл деп табышкан.
Алынган маалыматка караганда, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекс эми 65-1 сандуу жаңы берене менен толукталмакчы. Анда атайын эскертүүлөргө карабастан колундагы огородуна эгин айдабаган, бак тикпеген, жер аянтын максаттуу, ыктуу пайдаланбаган тургундарга айып пул салынат. Адегенде эскертүү берилип, андан майнап чыкпаса, белгилүү өлчөмдө айып пул төлөтүү менен жазаланат. Ошондо да майнап чыкпаса, анда айып пулдун өлчөмү көбөйтүлүп, кайра эле жаза чарасы колдонула берет.
Депутаттардын пикири боюнча, бул мыйзам долбоорун кабыл алуу менен калктын колундагы огороддорду максаттуу пайдалануу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жолго коюлат.