Быйылкы биринчи чейректе өлкө боюнча курулуш тармагындагы негизги капиталга инвестициялар көлөмү жалпы каржы булактары боюнча алганда өткөн жылга салыштырмалуу 6,3 пайызга азайды. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 1,2 пайыз өсүү катталган болчу. Мындан республикалык бюджеттин жана калктын каржылоосу менен жасалган инвестиция көлөмү өсүп, жергиликтүү бюджеттен жана ишканалардын эсебинен инвестиция жасоо төмөндөп кеткен. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматтарында айтылат.
Алсак, быйылкы январь-март айларында бардык каржылоо булактары боюнча негизги капиталга инвестициялар көлөмү 17,9 миллиард сом болду. Өткөн 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ички булактардан каржыланган капиталга инвестициялар көлөмү 0,5 пайызга, анын ичинен жергиликтүү бюджет эсебинен 88,5 пайызга, банк насыяларынын эсебинен 64,3 пайызга, мекеме-ишканалардын эсебинен 1,0 пайызга азайса, республикалык бюджеттин эсебинен 3,2 пайызга, калктын өздүк каражатынын эсебинен 6,2 пайызга жогорулаган. Жогорудагы сандардан өткөн жылы мекеме-ишканалардын эсебинен жасалган инвестициянын көлөмү анча көп болбогону көрүнүп турат. Негизги инвестиция бюджеттик каражаттардан, банк насыяларынан жана калктын өздүк каражаттарынан турары да байкалат.
Ошондой эле тышкы каржы булактарынан салынган инвестиция көлөмү да 34,6 пайызга, анын ичинен тыштан келген түз инвестиция 43,1 пайызга, чет элдик гранттар жана гуманитардык жардамдар эсебинен 68,8 пайыз азайса, чет элдик насыялар эсебинен түшүүчү инвестиция 56,2 пайызга көбөйгөн. Ошентип, жалпы инвестиция көлөмүнүн 80,7 пайызы ички инвестициялык каражаттар экени да көрүнүп турат.
Биринчи чейректеги инвестициянын негизги көлөмү же 84 пайызы пайдалуу кендерде курулуштарды жүргүзүүгө, электр энергиясы, газ жана буу менен камсыз кылууга, дүң жана чекене соода жүгүртүүгө, ошондой эле турак жай курулушуна жумшалган.
Инвестициянын азайышы чет жактан келген акчанын көлөмүнүн азайышына, тажылуу вирустун жайылышына байланышкан кырдаалга, чек аранын жабылышы менен соода-экономикалык байланыштардын убактылуу токтотулушуна жана башка да объективдүү себептерге байланыштуу болду.