Россияда Дмитрий Медведевтин президенттигинин мезгилинде жалпы россиялык журналисттер форуму болуп өтүп, анда жазуучу-агиограф, «Слово» радиосунун православ каналынын жана «На страже Православия» маалымдамасынын башкы редактору Валерий Филимонов чыгып сүйлөгөн эле. Ал азыркы дүйнөнүн шектүү тенденцияларына арналган. Анын сүйлөгөн сөзүнүн кыскача котормосун окурмандарга өз котормобузда сунуш кылабыз.
… Мен бүгүн адамзат коомунун өнүгүшүн көп жагынан алдын ала аныктай турган маселенин маңызы тууралуу айткым келет. Мен өз кезегинде политехникалык институтту аяктаганмын. Биологиялык маселелер, медициналык кибернетика, башкаруу системалары, “адам-машина” жана “адам-система” симбиозунун маселелери менен алектенгем, бирок бир канча убакыт өткөн соң Жараткан мени башка ишке буюрду… Ошондуктан да мен медициналык кибернетика адистиги боюнча жогорку окуу жайын бүткөн адис катары айта турган маселелер биологияда жана медицинада, башкаруу системаларында, анын ичинде коомдук процесстерде да электрондук системалардын колдонулушу тууралуу. Башкача айтканда, эки тараптан – техникалык жана адеп-ахлактык жагынан.
Дүйнөлүк элита өкүлдөрү деп аталгандар Жер планетасында курууга аракеттенип жаткан коомду электрондук концлагерь деп гана атоого болот. Бул номер салынган кулдар нанга да, той-тамашага да, башкага да ээ болгон “жердеги бейишти” түзүүнүн кезектеги аракети, бирок анда баары үмүтсүз руханий жана денелик кулчулукта болот. Мен дээрлик он жыл бою депутаттык корпуска индентификация маселелери боюнча эксперттик колдоо көрсөтүп келем, ар кайсы форумдарда, анын ичинен эл аралык масштабда да пленардык докладдар менен чыгып сүйлөдүм.
Глобалдуу маалымат же глобалдуу уюлдук коом деп аташкан коомду биз кантип мүнөздөйбүз? Бул деген — баарынан мурда буга чейин адамзат көрүп-билбеген технотрондук диктатураны куруу, анда башкаруу процесстери кибернетикалык система аркылуу адамзат коомуна өткөрүлөт, ал эми жогорку электрондук технологиялар саясий максатта пайдаланылат.
Мунун баары кайдан келе калганы бизге маалым. Збигнев Бжезинский жазган бир укмуш китеп бар, ал “Америка технотрондук кылымда” деп аталат. Китеп тээ 1968-жылы эле жазылган болчу. Адамзат массасын башкаруу тууралуу ал минтип жазат: “Инсанды социалдык жана саясий көзөмөлдөөнүн мүмкүндүктөрү жогорулайт, жакында ар бир жарандын жашоосун көзөмөлдөгөнгө жана ар бир адамдын ден соолугунун абалына жана жүрүш-турушуна дайыма жаңырып туруучу файлдар аркылуу электрондук досье жүргүзүүгө мүмкүндүк пайда болот. Тийиштүү органдардын бул файлдарга көз ирмемде колу жетет. Бийлик маалыматты көзөмөлдөгөндөрдүн колуна топтоштурулат. Бул өзү орногондон кийин азыркы саясий процедураларды дээрлик толугу менен жоюп салуучу технотрондук диктатурага алып келе турган кийинки бир нече он жылдыктардын тенденциясын пайда кылат”.
Технотрондук эра – диктатура деген эмне? Бул чыныдыгында эле бирдиктүү глобалдуу диктатордун же бүткүл дүйнөлүк өкүмдардын диктатурасы. Ыйык китепте ал Антихрист деп аталарын биз жакшы билебиз. Азыркы саясий процедуралар жоюлат. Кеп дүйнөдөгү улуттук мамлекеттин ролун кардиналдуу өзгөртүү тууралуу баратат. Бүгүн экономиканы, маалыматты, маданиятты ааламдаштыруу тууралуу айтып жатышат, бирок эч ким айтпай жаткан эң башкы маселе – бийликти ааламдаштыруу. Биз бул маселени көтөрүп жатабыз жана бир катар уникалдуу документтер колубузда. Тээ 1992-жылы эле Бүткүл дүйнөлүк тармактык маалымат-уюлдук коомунун Конвенциясы кабыл алынган. Бул Конвенцияны кабыл алууга россиялык илимдин өкүлдөрү да кыйла активдүү катышышкан. Конвенция БУУнун программдык документи болуп саналат. Андан ары, 2000-жылы Окинавадагы жолугушууда “чоң сегиздиктин” президенттери ааламдык маалымат коомунун Окинава хартиясына кол коюшкан, анда адамдардын жашоо образына, алардын билимине, ишмердигине жана бийлик структуралары менен өз ара аракеттенүүсүнө тийиштүү революциялык экономикалык жана социалдык трансформация (өзгөрүү – ред.) тууралуу так билдирилген. Кийинки этапта — Женева, 2005-жыл, анан Тунис. Ааламдык маалымат коому боюнча дээрлик бардык мамлекеттердин президенттер, премьерлер, министрлер деңгээлинде өкүлдөрү катышкан 200 кишилик жолугушуулар өткөрүлөт… Бул жолугушууларда – Женевада, Тунисте Россиянын да өкүлдөрү кол койгон программалык документтер кабыл алынган.
Эл менен макулдашып койбостон, бүткүл элдик талкууларсыз эле, элден жашыруун абалда ошол ишмерлердин пайдасына бирдеме болуп кетиши мүмкүн болгон документтерге кол коюлуп жатат. Кептин маңызы болсо, мээсине наноэлектрондук чипти жамап коюу менен ар бир адамды биороботко айландыруу, ал аркылуу интернет сыяктуу ааламдык тармактардын маалымат башкаруучусу менен байланышты ишке ашыра берсе болот, ошондо адам роботтоштурулган жандыкка айланат. Бул Кудайдын дүйнө жана адам тууралуу эркине канчалык каршы келерин ар бир адам түшүнүшү зарыл.
Ушундай документтер кабыл алынды. Принциптер декларациясы: маалымат коомун куруу – ушул миң жылдыктын ааламдык максаты. Андан ары – ааламдык маалымат коомун куруунун аракет планы. Ааламдык маалымат коомун куруунун Тунис милдеттенмеси. Мында айтып кетчү нерсе, маалымат технологияларынын күү-шаа өнүгүшү бүткүл дүйнөлүк компьютердик системаны курууга жана ал аркылуу дүйнөлүк элитанын кызыкчылыгы үчүн ар бир жаранды көзөмөлгө алууга жана башкарууга реалдуу мүмүндүк жаратты. Бул биринчи кезекте ар бир жарандын бардык аракеттерине, жылып жүрүшүнө, ошондой эле кирешелери менен чыгашаларына да көзөмөлдүк эсептелет. Менин алдымда Иоанн Богословдун окуусунан аналитикалык документ турат, мындан Апокалипсисте сүрөттөлгөндөй дүйнө түзүмү курулуп жатат деп куласа чыгарса болот. Мунун баары эң бир жакшы ниеттер менен – жашоонун сапатын жакшыртуу, азыркы тил менен айтканда, ыңгайлуулук үчүн, кылмыштуулук жана эл аралык террорчулук менен күрөшүү үчүн жасалып жатат. Ал эми иш жүзүндө болсо, бүткүл дүйнөлүк масштабда концлагерь курулуп жатат.
Мына эки күн мурда Башкыртстанда премьер Путин болду. Гезиттер ал жактагы жыйында көтөрүлгөн маселелер тууралуу жазышууда, атап айтканда, кеп универсалдуу идентификациялык электрондук социалдык карталарды киргизүү тууралуу жүргөн. Карта мамлекеттик тейлөөнүн бардык түрлөрүнө жол ачышы керек жана бардык ведомстволордо, мүмкүн болсо, бүткүл өлкөнүн аймагында кабыл алынышы шарт.
Путин бул башкырт картасын пайдаланып көрөт, аны менен врачка барат, ушул карта менен дары сатып алат жана ушул карта менен шаардык унаада жүрөт. Ал мунун ыңгайлуу экенин, бардык жерде ушундайды киргизүү зарылдыгын айтты. Владимир Владимирович айткандай – биз адамдарды убаракерчиликтен, инстанцияларга каттоодон, кезекте туруулардан арылтабыз жана бул коррупцияны жеңүүдө жардам берет. Мүмкүн, бул ыңгайлуудур, бирок адамдын бул системага кирип алышынын баасы канчалык? Эгер православ тили менен айтсак, анда ал жанын адамды сактап калуучунун душманына саткан болот. Эгер азыркынын тили менен айтсак – коомдун ар бир мүчөсүнүн артынан анын сандык идентификатору аркылуу тоталдык көзөмөл системасы куралат. Адам иш жүзүндө алаканга түшүп калат. Анын бүтүндөй каерде болгону дароо билинип турат, анын бардык киршелери жана чыгашалары эсептелип турат. Анан Бжезинский жазгандай, маалыматтар иштелип чыгылат жана электрондук досьеге киргизилет. Бул системаны киргизүүнүн түпкү максаты – башкаруу. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн өкүлдөрү да айтуудан айбыкпай жатышат. Адамды кайсы бир абалга коюп салса болот экен. Аны моралдык принциптерине туура келбеген ар кандай документке кол коюуга мажбурласаң болот. Анын картасын тосмолоп туруп (блокировать), адамды материалдык жана социалдык камсыздыктан куру калтыруу мүмкүн. Бул система алыскы бутага мерчемделген, анын натыйжасында идентификациялык номер (сан) сөзсүз башкаруу объектисине киргизилет, башкача айтканда, көрүнгөн же көрүнбөгөн штрих-код же микрочип адамдын денесине жайгаштырылат. Еврошериктештиктин этика, илим жана жаңы технологиялар боюнча комиссиясы бул микрочиптерди “адамдын штрих-коддору” деп атоодо. Менде бул расмий документке шилтеме бар. Маселе өтө олуттуу. Ошондуктан, электрондук социалдык карталарды киргизүү – адамдын денесине сандык идентификаторду киргизүү же адам денесинде өстүрүү алдындагы акыркы этап. Баарыдан мурун, Женевада кабыл алынган аракет планы боюнча, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө электрондук өкмөттөр түзүлүшү керек, аны үчүн электрондук тургундар болушу шарт. Россвяздын төрагасы Бугаенконун айтымында, биз үчүн эң маанилүүсү – электрондук жаранды тарбиялоо. Бул жаран электрондук тармак аркылуу электрондук өкмөт менен карым-катнашуусу зарыл жана өзүнүн идентификациялык номерин кабылдашы керек. Мындай болгондо адамдар электрондук системанын түйүнү же элементи катары гана саналып калат. Адам буюмга же товарга тең болот. Ошондуктан ааламдык маалымат тармагынын коомун куруунун башкы технологиялык принциби болуп ар бир адамга ысымдын ордуна өмүр бою өчүрүлбөй (өзгөрбөй) турган жеке идентификатор берүү эсептелет. Ал ар башкача аталышы мүмкүн. Бирок, андан анын маңызы өзгөрүп калбайт. Тилекке каршы, ММКларда бул көйгөй боюнча компетенттүү эмес көп материалдар кетип жатат.
Жеке сандык идентификатор деген эмне? Жекече код, жеке эсептик сан, ИНН. Идентификациялоо деген эмне? – окшоштуруу, бирдейлештирүү, бирдейликти бири-бири менен салыштыруу. Код адамдын ысымына айланат. Ал ысымдын башкы функционалдык аналогу ж.б.у.с. болуп калат. Ысым катары колдонулуучу лексикалык бирдик болот. Адам качан гана өзүнүн номерине реакция жасай баштаганда, ушул код менен окшоштук башталат. Ансыз сатып алуу да, сатуу да мүмкүн болбойт…
Ошентип, адамды кулга айландыруучу коом курулуп жатат. Автоматтык идентификация дегенибиз эмне? – ал адамдын бардык жерде изи калат деген кеп. Америкада он сегиз жыл жашаган Виктор Орёлдун “Америка, кандай болсо, ошондой” аттуу китебин окуп көрүүнү сунуш кылам. Адамдын артында жайнаган издер калат, ал эми ал тууралуу маалымат АКШнын 19 миң ведомствосу менен структураларына берилип турат.
Маалыматтык электрондук коомду куруу жеке эле эмес, улуттук коопсуздукка да коркунуч алып келет. Хакерлер Пентагондун, ири банктардын серверлерин талкалап жатышат. Батыштын программалык продуктыларын пайдаланып, Россия биздин атаандаштарга ачык болуп калат. Маалыматтар базасын башкаруу системасы чабал. Ал – батыштын атайын кызматтарынын колунда. Баштапкы маалыматтар программалык продуктыларды чыгарган кишилердин колунда. Кеп улуттук коопсуздук тууралуу болуп жатат, илимий-техникалык прогресстин жүрүшүндө бул көз карандылык тереңдей бермекчи.
Интернет ЦРУ менен Пентагондун көмөгү менен пайда болгон. Россия Федерациясынын Коопсуздук Кеңешинин сайтында маалымат коомунун өнүгүшү менен улуттук коопсуздукка жана ар бир жаранга болуучу коркунуч тууралуу документ бар. Маалымат корголушу жана жеке жоопкерчиликке өткөрүлүшү керек. Түштүк Кореяда электрондук өкмөттү түзүштү, бирок хакерчиликтин өнүгүшү аларды бул идеядан баш тартууга мажбур кылды. А биздин Дума болсо, шашылыш түрдө жеке маалыматтар тууралуу мыйзамга оңдоолорду киргизип жатат, бул алардын коддоштуруу жана крипптограммалар аркылуу корголушунан баш тартууга алып келет. Мунун баары келип эле башкарылуучу башаламандыктар кырдаалына кептейт.