Өзбекстанда белгилүү ашпозчу Бахриддин Чустий өзбек токочу тууралуу китепти жазып, басмага даярдап койду. Бул тууралуу өзбекстандык интернет басылмалар жазып чыгышты.
Аталган ашпозчу атагы чартарапка кеткен өзбек токочун жакшылап изилдөө үчүн өлкөнүн ар кайсы аймактарын түгөл кыдырып, токочту даярдоо жана бышыруу рецептерин жана технологияларын иликтеп чыккан. Натыйжада анын басмага даярдаган китебинде токочтун 50 түрүнүн жана токочко байланыштуу 10 улуттук даам түрлөрүнүн рецептери бар. Алардын арасында илгери колдонулуп келген, азыркы тапта унутта калып келаткан эски рецептер да камтылган. Ошондой эле коомчулуктун кызыгуусун арттыра турган жаңы рецептер да сунуш кылынган. Китепте токоч жасоонун маданияты, анын элдин тарыхына, салтына байланыштуулугу, тандыр, чеккич жана башка колдонулуп же унутта калып келаткан жабдыктар жана буюмдар тууралуу маалыматтар бар.
Бул китеп адегенде өзбек тилинде, андан кийин орус, англис жана түрк тилдерине которулуп, ал тилдерде да жарык көрмөкчү. Деген менен, бул китептин басмага даярдалышына атайын кесипкөй адистер командасы да катышкан. Эми жакында китеп жарык көрүп, ал Өзбекстандын гастрономиялык маданиятын жайылтууга, жалпы эле туризмди өнүктүрүүгө өзүнүн салымын кошмокчу.
Эске сала кетсек, өзбек токочу чет элден келген туристтерди кызыктырган өзгөчө объект эсептелет жана ар кайсы аймакта анын өзгөчөлүгү, уникалдуулугу бар. Токоч улуттук руханий, маданий мурас катары дайыма сакталып, даңкталып келет.