www.versia.kg
Понедельник, Ноябрь 16, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ЖАЛАЛ-АБАДДА АЗЫК-ТҮЛҮКТҮН БААЛАРЫ КАНДАЙ?

22.04.2020
0 0
0
SHARES
280
Просмотры
Бөлүшүү

Таажылуу вирустун таркалышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалда Жалал-Абад областында калкты азык-түлүк менен туруктуу камсыз кылуу жана баалардын кескин жогорулап кетишинин алдын алуу иштери такай жүрүүдө. Ошонун натыйжасында кандайдыр көйгөйлөрдүн орун алышына жол берилген жок. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Ажимамат Исаев билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө абал киргизилген Сузак районунун аймагында 208 азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү заттарды  саткан  аралаш дүкөндөр, Жалал-Абад шаары боюнча 3 базар, азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды саткан 25 ири соода түйүндөрү, 27 майда дүкөнчөлөр, ошондой эле дары-дармек саткан аптекалар толук иштеп жатат.

КР Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу  мамлекеттик агенттигинин  Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн буйругуна ылайык, областтын аймагында жоопкерчилиги чектелген  коомдор, чарба жүргүзүүчү субъектер, жеке ишкерлер тарабынан калкка, башка керектөөчүлөргө сатылуучу негизги азык-түлүк товарларынын чекене баасынын жогорку деңгээли төмөндөгүдөй белгиленген:

  • 1 литр күн карама майынын чекене баасы 90 сом;
  • 1 килограмм бөлкө нандын чекене баасы 47 сом;
  • 1 килограмм кум шекердин чекене баасы 46 сом;
  • 10 даана тооктун жумурткасынын чекене баасы 83 сом;
  • пастеризацияланган майлуулугу 2,5% болгон 1 литр сүттүн чекене баасы 65 сом;
  • 1 килограмм картошканын (2019-жылдын түшүмү) чекене баасы 40 сом;
  • 1 килограмм макарон азыктарынын (жергиликтүү өндүрүүчүлөр) таразаланып сатыла турган чекене баасы 55 сом;
  • 1 килограмм уй, кой этинин чекене баасы 360 сом.

Ошондой эле 1-сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 33,5 сомдон,                          2-сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 24 сомдон белгиленген.

-Бул буйруктардын жер-жерлерде аткарылышын көзөмөлдөө райондук, шаардык штабдарга тапшырылып, соода түйүндөрүндөгү, базарлардагы азык-түлүк жана күндөлүк керектөөдөгү товарлардын дүң жана чекене сатуудагы бааларына, алардын калдыктарына (запас) областтык, райондук жана шаардык штабдар тарабынан туруктуу мониторинг жүргүзүлүп жатат, — дейт А. Исаев.

Мурдагы пост

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫНДА 633 ГЕКТАР ЖАЗДЫК БУУДАЙ ЭГИЛЕТ

Кийинки пост

ӨЗБЕКСТАНДА ТОКОЧ НАН ЖӨНҮНДӨ КИТЕП ЧЫГАТ

Кийинки пост
ӨЗБЕКСТАНДА ТОКОЧ НАН ЖӨНҮНДӨ КИТЕП ЧЫГАТ

ӨЗБЕКСТАНДА ТОКОЧ НАН ЖӨНҮНДӨ КИТЕП ЧЫГАТ

www.versia.kg

Бардык укуктар корголгон © 2026 Versia.kg

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укуктар корголгон © 2026 Versia.kg

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In