Жалал-Абад областында жаздын бир күнүн да текке кетирбей айыл чарба иштерин илгерилетүүгө, айрыкча эгин эгип, сугатка даярдык көрүүгө багытталууда. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн бөлүм башчысы Ажимамат Исаев билдирди.
Анын билдиришинче, 20-апрелге карата пландагы 49,6 чакырым чарбалар аралык каналдардын ичинен 39 чакырымы ремонттолуп, план 79 пайызга, каналдарды механикалык тазалоо боюнча пландагы 112,6 чакырымдын ичинен 85,1 чакырымы тазаланып, план 76 пайызга, 83 даана гидротехникалык курулмалардын (ГТС) ичинен 76 даанасы ремонттолуп, план 92 пайызга, 90 даана суу өлчөөчү курулмалардын ичинен 80 даанасы ремонтолуп, план 89 пайызга, 44 насостук станциялардын ичинен 32 насостук станция ремонттолуп, план 71 пайызга аткарылган.
Областтын аймагындагы жалпы узундугу 3497 чакырым ички чарбалык канал жана арыктардын ичинен 2742 чакырымы тазаланып, алардын даярдыгы 78 пайызды түзгөн. Анын ичинен Аксы районунда 214 чакырым, Ала-Букада 206 чакырым, Базар-Коргондо 721 чакырым, Ноокенде 632 чакырым, Сузакта 691 чакырым, Токтогулда 112 чакырым, Тогуз-Тородо 104 чакырым, Чаткалда 10 чакырым, Жалал-Абад шаарында 40 чакырым жана Таш-Көмүр шаарында 12 чакырым тазалаган.
Областтык бассейиндик суу чарба башкармалыгына жана райондук суу чарба башкармалыктарына 2020-жылга мерчемделген иштерди каржылоого каралган жалпы суммасы 47 миллион 529,5 миң сом акча каражатынан 2020-жылдын 16-апрелине карата 21 миллион 200 миң сом каржыланды, же каржылоо 44,6 пайызды түздү.
-Быйыл 13-апрелине карата «Айыл банк» аркылуу областтын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү жалпысынан 14 айыл чарба техникаларын анын ичинен 10 трактор жана 4 айыл чарба шаймандарын лизинг шарттарында алышты. Ал эми 14-апрелге карата “Айыл чарбасын каржылоо-8” долбоорунун алкагында областтагы айыл чарба товарларын өндүрүүчү 555 субъектиге жалпы суммасы 235 миллион 564 миң сом жеңилдетилген 10 пайыздык жана кайра иштетүү тармагына 6 пайыздык насыялар берилди. Анын ичинен талаачылыктагы 90 субьект 33 миллион 155 миң сом, мал чарба багытында 462 субъект 172 миллион 409 миң сом, кайра иштетүү тармагындагы 3 субъект 30 миллион сом насыяларды алышкан, — дейт А. Исаев.