Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кол алдындагыларга Жеңиш күнү георгий тасмасын пайдаланбоо тууралуу тапшырма берди. Анын ордуна калк арасында өлкө желегинин түсүндөгү тасмаларды пайдалануу зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу россиялык сайттар жазып чыгышты.
А. Арипов 9-майда белгиленүүчү майрамдык иш-чараларды талкуулаган селектордук жыйында улуттук желектин түсүндөгү 100 миң даана тасманы даярдоо жана элге таркатуу тапшырмасын берди. Бул акциянын маалыматтык колдоосун өзбек спортчулары, артисттер жана музыканттар алып баруусу керектиги да унутта калбады. Өкмөттүн баамында социалдык тармактардын пайдалануучулары баракчаларында тасма менен кошо өз сүрөттөрүн жайгаштырса болот.
Маалымдалгандай, Өзбекстандын бийликтери быйылкы жылы биринчи жолу георгий тасмасын расмий түрдө чектеп жатышат. Айрым тарыхчылардын айтымында, георгий тасмасы “россиялык империализмди” билдирип турат, ал эми аны пайдалануу “Падышачылык Россиянын баскынчыларынын колунан курман болгон ата-бабалардын рухуна” шек келтирет.