www.versia.kg
Пятница, Апрель 17, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ӨЗБЕКСТАН: ӨЗЕКСТАН-КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ ТЕМИР ЖОЛУН КУРУУНУ ТЕЗДЕТИШ КЕРЕК

23.05.2020
0 0
0
SHARES
5.3k
Просмотры
Бөлүшүү

Өзбекстан тарап Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолун тезирээк курууну сунуш кылат, бул пандемия мезгилиндеги эң коопсуз жол болуп калмак. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.

Быйылкы жылдын 20-майында Өзбекстандын Унаа министри Эльёр Ганиев, Кыргызстандын Унаа жана автожолдор министри Жанат Бейшенов, Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин Чет элдик капитал жана инвестиция департаментинин башкы директорунун орун басары Чжень Чипин видео-конференция өткөрүшкөн кезде ушундай сунуш айтылды.

Бул онлайн-жыйын Өзбекстан тараптан сунушталган жана анда Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолунун курулушунун долбоорун ишке ашыруу боюнча практикалык чаралар талкууланган. Атап айтканда, темир жолду куруунун болжолдуу багыттары, темир жолду долбоорлоо жана куруудагы техникалык стандарттары, долбоорду каржылоо булактары жана башка уюштуруу маселелери каралган.

Э. Ганиев пандемия учурунда бардык унаа түрлөрүнүн каттамдарына чек коюлганын, чек ара аралык автоунаалар каттамы токтогонун, ушундай шартта чек ара аралык темир жол каттамдары актуалдуу болорлугун айтты жана темир жол курулушун тездетүү зарылдыгын белгиледи.

Онлайн жыйында Кытай жана Кыргызстан тараптардын темир жол курулушундагы айрым участкалар боюнча деталдуу сунуштары да талкууланды. Тараптар темир жол курулушунун тигил же бул багыттарын, долбоордун техникалык жана экономикалык аспектилерин кайра карап чыгып, кийинки аптада кайрадан эле темир жол курулушунун болжолдуу багыттары боюнча жалпы жыйынтыкка келүүгө макулдашышты.

Эскерте кетсек, бул темир жол Кытайдын Европа жана Жакынкы Чыгыш аймактарына жетүүсүн жеңилдетет. Азыркы темир жол багыттарына салыштырмалуу жол 900 чакырымга, жүк жеткирүү 7-8 күнгө кыскармакчы. Экперттердин баамында, жылына 5 миллион тонна жүк өтүп турса, темир жолго кеткен чыгымдар толугу менен акталат.

Буга чейин тараптар “Кашкар-Эркечтам-Ош-Анжиян-Ташкент” багытындагы автожолду иштетип, Борбордук Азиядагы автожүкташуучулардын Кытайга түз барышын шартташкан.

Мурдагы пост

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА КИЧИ ЖАНА ОРТО БИЗНЕС НАЧАРЛАДЫ

Кийинки пост

ӨЗБЕКСТАНДА ДОЛЛАР САТЫП АЛУУ КҮЧӨДҮ

Кийинки пост
ӨЗБЕКСТАНДА ДОЛЛАР САТЫП АЛУУ КҮЧӨДҮ

ӨЗБЕКСТАНДА ДОЛЛАР САТЫП АЛУУ КҮЧӨДҮ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In