Эми Өзбекстандын бийликтери эл аралык олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлеген мектеп окуучуларына жана мугалимдерге акчалай сыйлыктарды ыйгарып турушат. Буга мамлекет казынасынынжүз миллиондогон сум (1 АКШ доллары – 8455 сум) бөлүнмөкчү. Бул тууралуу өлкө башчысынын токтому чыккан.
Ошентип, эл аралык предметтик ар кандай олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлеген окуучулар менен мугалимдерге бийликтер төмөнкүдөй акчалай сыйлык беришмекчи:
1-орун үчүн (алтын медаль) – окуучуга минималдык эмгек акынын 500 көрсөткүчү (же 101,3 миллион сум), мугалимге – 450 көрсөткүч (91,2 миллион сум);
2-орун үчүн (күмүш медаль) –окуучуга минималдык эмгек акынын 300 көрсөткүчү (60,8 миллион сум), мугалимге – 250 көрсөткүч (50,6 миллион сум);
3-орун үчүн (коло медаль) – минималдык эмгек акынын 200 көрсөткүчү (40,5 миллион сум), мугалимге – 150 көрсөткүч (30,4 миллион сум).
Андан тышкары, республикалык этаптагы олимпиадада жеңген окуучулардын мугалимдери төмөнкү өлчөмдө бир жолку берилүүчү акчалай сыйлыктарды алышат:
1-орун үчүн – минималдык эмгек акынын 50 көрсөткүчү (10,1 миллион сум);
2-орун үчүн – минималдык эмгек акынын 35 көрсөткүчү (7 миллион сум);
3-орун үчүн – минималдык эмгек акынын 30 көрсөткүчү (6 миллион сум).
Жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдерине жана директорлоруна эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн даярдаганы үчүн эмгек акысына алтын медаль үчүн 200, күмүш медал үчүн 175, коло медаль үчүн 150 пайыз кошумча акы берилет.
Республикалык этаптагы олимпиадаларда 1,2,3-орундарды жеңген окуучуларга жогорку окуу жайларына ошол профилдеги предметтен экзамен тапшырганда жогорку балл алуу укугун берген сертификат тапшырылат жана ал үч жылга чейин жарактуу болот.
Андан калса, эл аралык ири олимпиадалардын жеңүүчүлөрү мамлекеттик жогорку окуу жайларына тестирлөөсүз жана кошумча экзамендерсиз кабыл алынат.