Кытайдын China Petroleum Technology & Development Corporation компаниясы «Узбекнефтегаз» компаниясынан карызын өндүрө албай келет, ал эми Өзбекстандын энергетика министринин биринчи орун басары Журабек Мирзамахмудов эгер чындап эле карыз болсо, кытайлыктаргааны сот аркылуу өндүрүп алууну сунуштады. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
Эске сала кетсек, апрель айында Кытайдын аталган компаниясы өзбекстандык массалык маалымат каражаттары аркылуу «Узбекнефтегаз» компаниясынын структуралык бөлүмдөрү жети контрактта көрсөтүлгөн тейлөө жана жабдууларды жөнөтүү иштери боюнча 16 миллион доллардан ашуун карыз экени тууралуу жарыялаган. Ошондой эле көйгөйдү тынчтык жолу менен чечип алуу үчүн «Узбекнефтегаз» компаниясынын жетекчилигине бир топ убактан бери көп жолу кайрылышканын билдирген. Кытай тараптын билдиришинче, өзбек компаниясы зарыл валюта каражаттарынын жоктугунан улам төлөп бере албастыгын бетке кармап келет. Бирок, мындай абал 10 жылга созулуп кеткендиктен, кытайлыктар өлкө президентине кайрылууга мажбур болушкан.
А эми министрдин биринчи орун басарынын айтымында, Өзбекстан дайыма өз милдеттерин так аткарып келген, аны эл аралык уюмдар да тастыктап беришет. «Узбекнефтегаз»компаниясындагылар карыз тууралуу кеп анчалык чындыкка туура келбейт, мүмкүн кытайлык компания жеке жактарга жабдууларды бергендир, эгер андай болсо, аны далилдеш керек дешет.