Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик статистика комитети билдиришинче, 2019-жылдын 9 айында жашылча-жемиш экспортунун көлөмү 1 миллион 31,7 миң тоннаны, 959,3 миллион долларды түзгөн. Ошентип, экспорттун натуралай көлөмү 2018-жылдагыга караганда 116,6 пайызга, акчалай көлөмү 146,4 пайызга өскөн. Бул тууралуу EastFruit эл аралык маалымат-аналитикалык платформасы жазып чыкты.
Кошуна өлкөнүн мамстаткому билдиргендей, экспорттук географияда да өзгөрүү болгон. Чек аранын ачылганынан улам Өзбекстандын жашылча-жемиштеринин негизги импорттоочусу Кыргызстан болуп калган. Быйылкы 9 ай ичинде жашылча-жемиш продукциясынын экспортунун 30 пайызы же 286,3 миллион долларлык көлөмү Кыргызстанга туура келет. Акыркы беш жылдан бери импорттук лидер болуп келген Казакстан экинчи орунга жылган, же анын үлүшүнө 222,5 миллион долларлык экспорт туура келген. Ал эми Россияга болгон экспорт азаюунун үстүндө.
Азырынча Кыргызстандын статкомунун сайтында быйылкы 9 айдын маалыматы жок, бирок 2019-жылдын январь-август айларында Өзбекстандан мөмө жана жаңгак 19,9 миллион долларга, жашылчалар 6,2 миллион долларга, жалпысынан 26,1 миллион долларга импорттолгону көрсөтүлгөн. Ал эми Өзбекстандын статкому ушул эле мезгилде Кыргызстанда жөнөтүлгөн жашылча-жемиш продукцияларынын көлөмү 267,5 миллион долларга, демек, 10 эсе (!!!) көп суммада экенин жарыялаган.
Эгер кошуналар берген сандар туура болсо, анда бизге келген импорттук продукциялар кайда кеткени кызык…