Жашылча-жемиш бизнесинин EastFruit эл аралык маалымат-аналитикалык платформасынын баамында 2018-жылдын жыйынтыгы менен Өзбекстан дүйнөлүк хурма экспорттоочулардын үч лидеринин бири боло албай калды. Анын ордун Кытай өлкөсү ээлеп кетти. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
Алынган маалыматка караганда, өткөн жыл ичинде Өзбекстан 55 тонна хурма экспорттогон, бул 2017-жылдагыга караганда 18 тоннага аздык кылат. Кошуна Кытай өлкөсүн дө да хурманын экспорту азайганы менен дүйнөлүк үч лидердин бири катары кала берди.
Өзбекстан хурманы негизинен Казакстан менен Россияга экспорттоп келет. Азыраак өлчөмдө Кыргызстан менен Түркмөнстанга да сатылууда. Бирок, ал жактан кайра эле Россиянын рыногуна реэкспорттолуп келген. Акыркы кездерде Өзбекстан Беларуска 3 эсе, Украинага 2 эсе экспортун арттырды. Ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарына да тесттик тартипте хурма жөнөтүлгөн.
Азырынча хурма экспорттоо боюнча дүйнө лидерлерине Испания, Азербайжан кирет. Испания 2018-жылы 168,3 миң тонна, Азербайжан – 150,9 миң тонна экспорттоого жетишкен. Деген менен, 2018-жылы Испаниянын экспортту 2017-жылга караганда азайып, Азербайжанда көбөйгөн. Хурма экспорттоонун дүйнөлүк 20 лидерлеринин катарында Грузия, Тажикстан, Армения да бар.
Хурманын дүйнөлүк соода көлөмү жылына 600-700 миң тоннаны түзөт жана 500-600 миллион долларга бааланат. Ал эми хурманын дүйнөлүк ири импорттоочусу Россия болуп саналат. Өлкө жылына 130 миллион долларлык 160 миң тоннадан ашуун хурма сатып алат. Ири импорттоочулардын катарында экинчи орунду ээлеген Германия, үчүнчү орундагы Казакстан да бар. Ошондой эле Украина, Франция, Италия, Беларусь, Литва, Таиланд, Польшта өлкөлөрү да хурманы көп импорттошот.