Жакында эле Вьетнам коронаврустан эркин өлкө макамын алды, эми аны туризмди өнүктүрүүгө пайдаланышмакчы. Мындай аракетти азыр Өзбекстан да көрүүдө. Кытайдагы абалга байланыштуу, ал өлкөгө бара албай калган чет элдик туристтерди Өзбекстанга тартуу аракеттери көрүлүп жатат. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин пландоо жана адам ресурстарын өнүктүрүү департаментинин башчысы Шухрат Исакуловдун айтымында, өткөн жылы Кытайдан Өзбекстанга 64 миң турист келген, быйылкы жылга 98 миң туристтин келиши көздө тутулган. Эми коронавирустун жайлышына байланыштуу бул көрсөткүч төмөн болушу күтүлөт.
Бирок, абалды оңдоп кетүүнүн жолу бар экен. Мисалы, өткөн жылы Кытайга чет жактардан 36 миллион турист барыптыр. Эми коронавирустун айынан бул агым кыскарышы турган кеп. Ошондуктан Өзбекстан туура маркетинг саясатын жүргүзүү менен ал жакка бара албай калган туристтерди өзүнө тартууга толук мүмкүндүктөр бар. Деген менен, азыркы учурга чейин өлкөдө бул коронавируска кабылган учур каттала элек.
Эске сала кетсек, Өзбекстан коронавирустан сактануу боюнча кечиктирилгис чараларды көрдү, 1-февралдан тарта Кытай багытындагы авиаучуулар токтотулду, бул илдет катталган өлкөлөрдөн учуп келүүлөргө да тыюу салуу чаралары көрүлүп жатат. Азыр өлкөдө 53 карантин пункту иштеп жатат.