Белгисиз өлкөнүн атактуу ырчысы
Африкадагы Сенегал өлкөсүнөн 600 чакырым батышта, Тынч океанда жайгашкан Кабо-Верде Республикасы бар, мурда ал Жашыл Тумшук Аралдары Республикасы деп аталып келген. Арабдарда бул аймак тууралуу XII кылымда эле белгилүү болсо, европалыктар тарабынан 1460-жылы жылы расмий ачылганы айтылат. Ал көп мезгил бою Португалиянын (айрым жылдары Испаниянын) колониясы катары саналып, 1975-жылы көз карандысыздыкка ээ болгон.
Кабо-Верде 10 ири, 8 майда аралдардан турат жана өнүгүп жаткан өлкөлөр катарында. Бул анча кеңири белгилүү болбогон, экономикалык жана башка жактардан кыйла артта калган өлкөнү таанып билгендер, албетте, Сезария Эвора тууралуу да билишет. Кичинекей гана өлкөдөн чыккан бул атактуу ырчы өзүнүн кайталангыс таланты, өз мекенине берилгендиги аркылуу Кабо-Вердени дүйнөгө таанытты. Дүйнөдө болуп көрбөгөндөй атактуу ырчылар өткөн, андайлар азыр да бар, бирок алар мекенин сүйүү жагынан балким Сезария Эворага жете алышпагандыр, ким билет…
Кабо-Верденин калкынын саны 600 миңдей бар, бирок 700 миңден ашыгы сыртта жашашат. Калкынын 70 пайызын европалыктар менен африкалыктардын ортосунан чыккан мулаттар (креолдор), азыноолак африкалыктар жана аз сандагы европалыктар, негизинен португалдар түзөт. Калктын социалдык абалы башка көптөгөн өлкөлөргө караганда начар.
Өлкөнүн Сан-Николау аралында Минделу порт шаары бар, ал өлкөдөгү чоң шаарлардын бири болуп саналат. Сезария Эвора бул шаарда 1941-жылы 27-августта музыканттын үй-бүлөсүндө төрөлгөн, 5 бир тууганы болгон. Жети жашында атасы кайтыш болот, апасы турмуштан кыйналып, кызын социалдык абалы начарлар үчүн башпаанек мекемесине берген. Кийин 1958-жылы ал жактан үйүнө кайтып келип, Минделунун музыкалык барларында иштеп, апасына жардам берет. Ал жерде Сезария Кабо-Вердеге мүнөздүү морна, африкалыктарга мүнөздүү фаду, коладера стилиндеги ырларды аткарчу, өзүн коштогон музыкалык тобу бар эле.
Көп убакыт ал тирилик үчүн барларда ырдап, өзүнүн жөндөмүн, талантын таптай берген. Анын таза жана бийик үнү, жандүйнөсү менен келиштире ырдай алганы ар бир уккан кишини сонуркатып, таң калтырган. Ошол кездерде Кабо-Вердеде турмуш оор болчу, мекнндештери чет өлкөгө эмиграцияга кете башташкан, бирок Сезария үйүндө кала берди. Португалиядагы белгилүү ырчы Бана жана Кабо-Верде аялдарынын ассоциациясы кийин аны Лиссабонго чакырышып, ырларын жаздырууну сунуш кылганда гана 43 жашында Европага барды. Анын биринчи ырлар альбому 1987-жылы 45 жашында Португалиянын борбору Лиссабондо жарык көрдү. Ал эми кийинки жылдан тартып эле ал дүйнөгө атагы таркады.
Лиссабондун ресторанында анын ырдаганын 80-жылдардын башында Кабо-Вердилик француз Жозе да Сильва көрүп калып, аны дүйнөгө таанытуу аракетин көргөн. Ал 47 жаштагы Сезарияны Францияга алып келип, Европаны багындыруу кадамы башталган, Россиянын, Украинанын шаарларына чейин келип ырдаган. Анан 1992-жылы анын төртүнчү “Мисс Перфумаду” аттуу альбому чыккандан кийин дүйнөлүк атагы ого бетер жайылган.
Бардык жерде анын өзгөчө таланты, өзгөчө үнү, Кабо-Вердеге гана мүнөздүү морна стилиндеги ырлары адамдын жандүйнөсүнө сиңбеген, кулак менен гана угуп койгон азыркы заманбап стилдеги ырлардан тажаган публиканы өзүнө тартты, багынтты. Ал кай жерге барбасын, өзүнүн башкалар анчалык окшоштуруп ырдай албаган ырлары сый-урматка, сүйүүгө бөлөндү.
Анын мындай өнөрү, чеберчилиги дүйнөлүк музыка коомчулугунун көңүлүнүн сартында калбады. Ал Франциянын музыкалык «Виктуар де ля мюзик» сыйлыгын эки жолу жеңип алды. Анын ырлары беш жолу атактуу “Грэмми” сыйлыгына көрсөтүлүп, бир жолу аны да утуп калды. Ал эми 2009-жылы февраль айында Француз өкмөтү ага эң баалуу мамлекеттик сыйлык эсептелген “Ардактуу легион” орденин ыйгарды. Аны менен атактуу америкалык ырчы Мадонна сыймыктанып, Италиянын жылдызы Адриано Челентано, атактуу ырчылар Горан Брегович, Компай Сегундо, Бонни Райтт чогуу ырдашкан. Бельгиянын атактуу рэпери Stormae ага арнап “Аве Сезария” аттуу ырын ырдап чыккан. Ал эми жердештери анын өлкөгө сиңирген эмгегин эске алып, Сан-Николау аралындагы аэропортко анын ысымын беришкен, аэропортто колуна микрофон кармап ырдап турган, анын бүт турпатын сүрөттөгөн эстелиги турат. Эл аралык музыкалык коомчулук аны Франциядан чыккан атактуу Эдит Пиафтын катарына коюшат.
Эң башкы артыкчылыгы — мекенди чындап сүйүү
Сезария Эвора жаштайынан эле кыйынчылыктарды көрүп өскөн эле. Ал бала кезинен баштап эле жыйлаңайлак жүрчү. Минделунун музыкалык барларында ырдап жүргөндө да, Европанын эң атактуу сахналарына чыккан да ал жыйлаңайлак жүрдү. Кээде гана абасы салкын жактарга барып ырдаганда бутуна сандалия кийип алганы болбосо, ал өзүнүн бала кездеги жылаңайлак жүрүү адатын таштаган эмес. Бул анын ким экенин, кайдан келгенин, кандай шарттан өсүп чыкканын эч качан унутпашы үчүн керек болгон дешет.
Болбосо Европаны өзүнүн таланты менен багынткан Эвора 50 миллион доллардан ашуун гонорар тапкан. Эң баалуу кездемелерден кийимдерди кийгенге, эң баалуу унааларда жүргөнгө, кабаттап тамдарды салып, жашоонун жыргалын сезгенге мүмкүнчүлүктөрү бар эле. Бирок, ал өткөн турмушун унутпай, жыйлаңайлак жашады жана ырдады. Бул ошол жакыр жашаган балалыгын, кемелер байма-бай келип-кетип турган Минделусун, кичинекей Кабо-Вердесин унутпаганы, аларга болгон сүйүүсү болду. Жылаңайлак жүрүү менен оор турушту баштан кечирип жаткан Кабо-Верде аялдарына тилектештигин билдирген. Ошону үчүн да Сезария Эворанын артында эл аралык мааниде “Жылаңайлак периште” деген ат калды.
Анын атагы менен дүйнөгө Кабо-Верде белгилүү болду. Мекенди сүйүүсү ырлары менен анын атагын дүйнөгө таратканы менен чектелбеди. Ал ар кайсы өлкөлөргө, шаарларга, аймактарга барып ырдап, топтогон ири өлчөмдөгү акча каражаттарын өзүнүн кичинекей Кабо-Вердесиндеги жаш балдардын сабатын жойгонго жана саламаттыкты сактоо тармагына жумшады. Өз өлкөсүнүн башталгыч билим берүү системасын каржылап турду. Эми боорун жерден көтөрө баштаган бир өлкөнүн балдары окуганды, жазганды ушул ырчынын каражаты менен үйрөнүштү. Ал бир кезде өзүнүн башынан өткөн кыйынчылыктар, өксүктөр, ишке ашпаган кыялдар азыркы балдарда кайталанбасын деп аракет кылды. Деген менен, ал өзү окуганды жана жазганды билбей өтүп кетти. Анын өз мекенине болгон сүйүүсү атактуу “Петит паис” (“Кичинекей өлкө”) аттуу ырынан эле көрүнүп турат. Ал морна, фаду, коладера жаңырган, жээктерин мухит толкуну чайпап турган, азга топук кылып, бирок шайыр жашаган калкы бар кичинекей өлкө өзү үчүн канчалык кымбат экенин ушул ырынан эле билдирген.
Ал атактуу ырчы болду, бирок анын ырларын курамында көптөгөн музыкалык аспаптар бар атактуу оркестрлер коштогон жок. Анын ырларын атактуу оркестрлер музыкалык аранжировкалап, шедеврге айландырышкан жок. Анын ырларын да өзүнүн Кабо-Вердесиндеги рояль, гавай гитарасы, скрипка, аккордеон жана кларнет эле коштоду. Ал негизинен өзүнүн креол тилинде гана ырдап, бирок ошол жупуну делген музыкалык коштоо жана башкаларга анча түшүнүктүү болбогон тили менен мекенине болгон сүйүүсүн, эч бир таркабаган, жандүйнөсүн эзип турган сагыныч-кусасын (содаде) дүйнөгө алып чыга алды. Аны цивилдүү коомчулук жакшы түшүндү жана сүйдү.
Сезария Эвора өмүрүнүн акыркы мезгилдеринде ооруп жүрдү, 2011-жылдын сентябрында ырчылык карьерасын токтотуу чечимин кабыл алган. Ал эми ошол эле жылы 17-декабрда 70 жашында өзүнүн Кабо-Вердесинде дүйнөдөн кайтты. Кабо-Верде өлкөсү гана эмес, дүйнөлүк ырчылык, музыкалык коомчулук да оор жоготууга учурады.
Эми Кабо-Верденин башталгыч билим берүү тармагын өкмөт каржылай баштады, бирок анын ырларын өзүндөй кылып ким ырдайт? Албетте, кабовердилик ырчылар ага чейин эле чыгышкан, андан кийин деле чыгып жатышат. Бирок, Сезария Эворанын ордун, ролун, анын талантын, ал жасаган иштерди жана жеңиштерин алар кайталай алышабы же жокпу, аны Кудай билет. Деген менен, Сезария Эвора Кабо-Вердеден чыккан, азыр Португалияда жашаган белгилүү ырчы Майра Андрадеге чоң үмүт арткан экен. Андраде азыркы учурда Европага белгилүү ырчы, дал ошол форна, фаду жана коладера стилин заманбапташтырып, коомчулукка тартуулап келет. Сезария Эвора Францияда өткөн бир концертине Майра Андрадени да чакырып, экөө чогуу ырдашканын, бул өзүнчө эле окуя болгонун музыкалык серепчилер өз кезегинде белгилешкен. Андраде Евроньюска берген интервьюсунда атактуу мекендешинин ага үмүт артканы ага чоң дем берип, жоопкерчилик артканын айтат да, бирок анын бийиктигине башкалар жетиши кыйын экенин эске салат. Кыскасы, Эворанын өнөрлүк мураскери болууга эч ким батына албай турганын тастыктайт. Эми эч ким жылаңайлак периште боло албайт экен…
Биздин өксүк…
Кабо-Вердеге караганда Кыргызстан кыйла жакшы шарттагы өлкө. Жерибиз да кенен, элибиз да көп, ресурстарыбыз арбын. Бардык жагынан алдыдабыз, бирок бизде Сезария Эвора сыяктуу ырчыларыбыз чыкпады. Кошуна Казакстандан мурда эле кыйын ырчылар чыгып келген: Роза Рымбаева, Нагима Эскалиева сыяктуу ырчылар илгерки СССР учурунда эле эл аралык кароолордо жеңүүчүлөрдөн болуп келишкен. Азыр Димаш Кудайбергеновду атагы дүйнөгө тарады, ага суктанбаган киши жок. Өзбекстанда Батыр Закиров сыяктуу ырчылар, “Ялла” сыяктуу эстрадалык топтордун атагы алыска кеткен. Азыр да Юлдуз Усманов сыяктуу ырчылары эл аралык масштабда таанымал. Бир катар ырчы кыздары эч болбогондо эле КМШнын сахнасын көркүнө чыгарып келишет.
А биздечи? Жайнаган ырчыларыбыз бар, бирок деңгээли төмөн, өз аймагыбыздан ары кете алышпайт. Ырдалып жаткан ырлардын, обондордун көңүлгө, жандүйнөгө сиңип кала тургандары жокко эсе. Көптөгөн ырлар — маани-маңызы жок, той ырлары, ырчылык өнөр той деңгээлинен өсө албайт жаткан кез. Ырларда терең маани, терең сезим, жаңы интерпретация сезилбейт, баары тажатма кайрыктар. Новатор катары чыгып, ырчылык өнөр чөйрөсүндө жаңылык киргизген, бөлүнүп чыккан ырчы болбой жатат. Бирок, кулак менен гана угуп коюучу эки ырын ырдап чыккан ырчылар өзүн планетанын жылдызы катары сезип, болбой калышат. Деградацияланып баратабыз.
Эми алдыда шайлоо келатат, элди жыйып, концерттер коюлат. Баякы эле ырчыларыбыз, баякы эле ырларды аткарышат. Баякы эле көрүнүш… Провинциалдык өксүбүгүз качан түгөнөөр экен…
Жалил САПАРОВ.