Өзбекстан мурда өзү чыгарган “Дамас” унааларын медицинанын “Тез жардам” тармагында такай пайдаланып келсе, эми 2021-жылдан тартып андан толугу менен баш тартмай болду. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги билдирди.
Бул аракет Өзбекстанда медицина тармагындагы “Тез жардам” паркын эл аралык стандарттагы заманбап жабдылган унаалар менен камсыз кылуу программасынын алкагында жүрмөкчү. Быйылкы жылдын акырына чейин бардык “Тез жардам” унаалары заманбап байланыш каражаттары, чакыруулар боюнча бачым багыттоону камсыз кылуучу GPS-система GPS ситемасы менен камсыз кылынат.
Маалыматка караганда, азыркы учурда өлкөдөгү “Тез жардам” тармагында Damas, Hunday жана Toyota маркасындагы 2,5 миң унаалар иштеп келет. Деген менен, дыл сайын медициналык тез жардамга муктаж болгондордун, демек чакыруулардын саны да өсүүдө. Мисалы, 2016-жылы ушундай чакыруулар саны 7,2 миллионду түзсө, 2017-жылы 8,7 миллион болуп, 2018-жылы 9,8 миллионго жеткен. Ал эми быйылкы он ай ичинде эле 9 миллиондон ашуун чакыруулар катталган.