Өзбекстандын бийликтери 2023-жылга карата өлкөгө келип жаткан жаш туристтердин санын 3,3 миллионго жеткирүүгө ишеним артып турат. Бул тууралуу өлкөнүн Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин төрагасы Абдулазиз Аккуловго шилтеме берип, Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги билдирген.
Анын айтышынча, адистер өлкөдө жаштар туризмин өнүктүрүүнүн концепциясын иштеп чыгышкан жана 2020-2050-жылдарда аткарылуучу чаралардын багытын аныкташкан. Ага ылайык, чет өлкөлөрдөн Өзбекстанга келүүчү жаш туристтердин санын 2020-жылы 1,3 миллиондон 2,2 миллионго, ал эми 2023-жылга карата 3,3 миллионго жеткирүү каралган. Ошол эле кезде ички туризмди өнүктүрүү жаатында иштер алып барылмакчы. Быйылкы жылы жаштар арасындагы туристтер саны 8,1 миллиондон 10 миллионго, 2023-жылга карата 13,6 миллионго жетиши ыктымал. Туризмди өнүктүрүү багытында быйылкы жылы эле 20, 2023-жылы 60 максаттуу иш-чараларды өткөрүү пландалган.
Бул концепцияда каралган иштердин башталышы катары быйыл февраль айында Ташкенттеги “Навруз” эс алуу багында “Туризм лабораториясы” ачылган. Анда калк арасында туризмди жайылтуу жана анын тарыхына кызыгууну арттыруучу бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Мисалы, анда туризм багытындагы китепкана, коворкинг-борбору иштеп, студенттер үчүн акысыз Wi-Fi, китептер, журналдар, он-лайн китепканалар камсыз кылынган. Бул борбордо жаштар арасында чет элдик эксперттердин катышуусу менен вебинарлар жана тренингдер өтүп турмакчы.
Эми кезекте туризмди өнүктүрүү боюнча жаштар үчүн атайын клубдарды түзүү, алардын такай иштеп туруусу үчүн зарыл шарттарды жаратуу жагы калды.