Кыргыз Республикасын президенти
С. ЖЭЭНБЕКОВго.
Сузак районунун тургуну
Абдурасул Дармановдон.
Дарегим: Жалал-Абад областы, Сузак району,
Ленин айыл өкмөтү,
К. Жоробеков көчөсү-35.
Байланышуу телефону: 0778 295 184.
К А Й Р Ы Л У У
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Мен буга чейин Сизге адвокаттын мыйзамсыз, адвокаттык этикага жатпаган аракеттери тууралуу жазып кайрылганмын, бул катары менен үчүнчү жолу Сизге кайрылуум. Мен мурда бир дагы адвокаттын кызматына муктаж болбой келип, адвокаттардын арасында жардам берүүнүн, оор кылдаардан алып чыгып кетүүнүн ордуна адамды убаракерчиликке, түйшүккө салып коё тургандары да болорлугун билбептирмин.
Менин уулум Жалал-Абад шаарында оор кылмышка шектелип, тергөө амалдары башталгандыгынан улам 2017-жылдын февраль айында юристтин жардамы керек болуп, адвокат Сулайманов Турарбек Аскаровичке жолукканмын. Ал менден 10 миң доллар берсең, балаңды коргоп, чыгарып берем деп убада берген. Менин юридикалык сабатым жок болгондуктан, анын убадаларына толук ишенгенмин. Андан соң, 190 миң сомго, анан 100 миң сомго келишим түзгөнбүз. Кийин менден башында айткан 10 миң долларды тап деп талап кылды, “болбосо сиздин балаңызга адвокат болбоймун, мындан кийин адвокаттык ишимди токтоттум, башка адвокат таап ал” деп, мага жардам берүүдөн баш тартты. Мен андай болсо акчаны кайтарып берүүсүн сурадым, ал мага 290 миңден 220 миң сом кайтарып берип, 70 миң сом алып калды. Эмнеге? – деп сурасам, “менин гонорарым, начальниктерге чай куюп бердим” деди.
Бир жагынан балама тийиштүү юридикалык жардам бере алган жок, анан адвокат болуудан да баш тартты, анысы да аз келгенсип, мени 70 миң сомго күйгүздү. Менде мындай суммадагы акчалар болгон эмес, баарын карыздап алганмын. Мен анын мындай кылыктарына нааразы болуп, Кыргыз Республикасынын президенти катары Сизге, урматтуу Сооронбай Шарипович, КР Башкы прокуратурасына, КР адвокатурасына арызданган элем. Т. Сулайманов адвокаттык этиканы, мыйзамды бузганын, ага карата мыйзамдуу чаралар көрүлүшү керектигин билдиргенмин. Чынында эле Т. Сулайманов менин жана баламдын башына оор күн түшүп турганда ири сумма талап кылуу менен адвокаттыктан баш тартып, тергөө сурактарына катышпайт, соттук отурумдарга келбей, соттук жараяндардын созулуп кетишине шарт түзүп, акырында менин балама эч кандай жардам көрсөткөн жок, түзүлгөн келишимдеги милдеттерин аткарбады. Балам узак мөөнөткө соттолуп кетти.
Менин жогорку органдарга кайрылганыма өчөшкөн Т. Сулайманов менин үстүмдөн Сузак райондук сотуна доо арыз менен кайрылды. Сотто ал “мага 220 миң сом берген эмес” деп доо коюп, өндүрүүнү сурады. Адвокат боло туруп, сотто калпты айтып, мага жалаа жаап, ансыз деле кыйын абалда турганыма карабастан менден ири суммадагы акчаны өндүрүп алууга аракет жасады. Сузак райондук соту иштин жөн жайын жакшылап карабай, туура эмес чечим чыгарып, Т. Сулаймановго менден 160 миң өндүрүп берди.
Мен Сузак райондук сотунун чечимине нааразы болуп, Жалал-Абад областтык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясына апелляциялык тартипте арыздандым. Сот 2019-жылдын 15-октябында ишти карап, бардык жагдайларды, эки тараптын жүйөлөрүн жакшылап карап чыгып, менин арызымды канааттандырды. Сузак райондук сотунун чыгарган чечимин жокко чыгарылып, жаңы чечим кабыл алынды. Т. Сулаймановдун менден 220 миң сом өндүрүү арызы канааттандыруусуз калды жана мага юридикалык жардам үчүн адвокатка төлөгөн 30 миң сомду, андан сырткары апелляциялык инстанция үчүн төлөнгөн 4650 сомду өндүрдү. Аткаруу барагы да берилип, бирок сот аткаруучулар тарабынан мага тийиштүү сумма өндүрүлүп бериле элек.
Адвокат Турарбек Сулайманов ушуну менен эле токтоп калган жок. Ал Жалал-Абад областтык сотунун адилеттүү чечимине нааразы болуп, анын чыгарган чечимин жокко чыгарууну, мени 160 миң сомго жыккан Сузак райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып берүүнү сурап КРнын Жогорку сотуна 2020-жылдын 15-январында кассациялык арыз менен кайрылды. Ал арызында менин балама юридикалык жардам бергенмин, сотторго катышканмын деп көрсөтөт, а чынында андай эмес. Биз бул адвокат менен келишимди алдын ала тергөө иштери үчүн түзгөнбүз, бирок адвокат Т. Сулайманов тергөө ишине бир гана жолу – кылмыш жасалган жайды текшерүү убагында гана катышкан, башка бир дагы тергөө амалдары убагында жардам берген эмес. Ал эми сотко катышып калганынын себеби, ал түзүлгөн келишимге карабастан менин балама адвокат болуудан баш тартып, балам менен кошо айыпталып жаткан Абдусамат Даврановго адвокат болуп, сотко барып жүргөн. Өз алдынча менин балам үчүн да сотко катышкан болуп, өзүнө ордер жазып алган.
Адвокат Т. Сулайманов түзүлгөн келишимден өз демилгеси менен баш тартканы, юридикалык жардам бербегени үчүн менден алган 290 миң сомдун 220 миң сомун кайтарып берген, эгер жардам берсе, кайтарып бермек эмес. Бирок, жалпы сумманын 70 миң сомун алып калды. Бул алган жана берген акчалар боюнча мага дегеле дүмүрчөк (квитанция) же чек берген эмес. Менимче, бул да мыйзамсыз аракет эсептелет. Жалал-Абад областтык соту ушул жагдайды тыкан карап, адилеттүү чечим чыгаруу менен 70 миң сомду мага өндүрсө, ага каршы болуп, Жогорку сотко кайрылып жатат.
Менин тууралыгымды жана адвокат Т. Сулаймановдун туура эместигин Жалал-Абад областтык сотунун чыгарган чечими толук далилдеп турат. Т. Сулайманов юрист боло туруп, карапайым киши болгон менин үстүмдөн жалаа жаап, сотко кайрылышы, жок эле жерден дагы 220 миң сом өндүрүп алгысы келгенинин өзү эле адвокаттык, адамдык этикага, адеп-ахлакка, кала берсе мыйзамга да туура келбейт. Мен мындай кишилер, адвокаттар юрист катары адвокатура тармагында иштебеши керек деп эсептеймин, себеби мага окшогон дагы канчалаган карапайым кишилердин шорун кайнатары бышык.
Ошондуктан Сизден, урматтуу Сооронбай Шарипович, Т. Сулаймановго карата мыйзамдуу чараларды көрүүнү, анын адвокаттык лицензиясын алып салуу боюнча мыйзамдуу чараларды жасоону өтүнүп суранып кайрылганмын. Адвокаттын мындай аракеттерине баа берип, жардам көрсөтүүнү Башкы прокуратурадан да суранып, аларга кайрылдым. Буга чейин алардан жана Юстиция министрлигине кайрылуумдан да оңдуу жыйынтык чыга элек.
Деген менен, мага президенттик аппараттан 2020-жылдын 13-февралында катталган №Д-955 сандуу тийиштүү жооп келди. Анда менин кайрылуумдагы өтүнүчүм дегеле эске алынбаганы, мага кайрылуум боюнча негиздүү жооп берилбегени мени таң калтырды. Себеби, мен адвокат Турарбек Сулаймановдун адвокаттык этиканы бузгандыгы, 10 миң доллар таба албаганым үчүн менин балама юридикалык жардам көрсөтүүдөн баш тартканы үчүн анын лицензиясын алып салуу өтүнүчүн билдирсем, мага таптакыр башка жооптор берилиптир.
Президенттик аппараттын мындай жообу Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дардановдун жана Юстиция министрлигинин стат-катчысы У.И. Календеровдун президенттик аппаратка жөнөткөн жоопторуна негизделип жазылган экен. Себеби, Юстиция министрлигинин стат-катчысы адвокаттардын үстүнөн кылмыш ишин козгоо Башкы прокурор же Башкы прокурордун орун басары тарабынан жүргүзүлөрүн жазып билдирген. А мен кылмыш ишин козгоо өтүнүчүн эмес, адвокаттын лицензиясы тууралуу өтүнүчтү жазганмын. Ал адвокат дагы эле мен сыяктуу карапайым кишилерди көйгөйгө сала бербесин, аны ишин токтотуу керек дегенмин. Бирок, Юстиция министринин стат-катчысы президенттик аппаратка берген жообунда бурмалап, таптакыр башка маселени айтып жатат.
Ал эми Башкы прокурордун орун басары Н. Дарданов Президенттин аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы С. А. Субановго 2019-жылдын 2-октябрында берген №8/1-600-19 сандуу жооп катында менин жазган кайрылуумдун мазмунун таптакыр бурмалап салган. Көрсө, мен адвокаттан албай калган 70 миң сомду өндүрүп бергиле деп өтүнүптүрмүн. Бул факты боюнча Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, ал ишти тергөө Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө тапшырылган имиш. Бул таптакыр андай эмес, мен адвокаттын кызматтык этиканы бузганы үчүн анын лицензиясын алып салууну, анын өз милдетин аткарбай койгону үчүн чара көрүүнү сураганмын. А Башкы прокурордун орун басары ал тууралуу президенттик аппаратка берген жообунда таптакыр унчукпаптыр, кезектеги отписканы жөнөтүп коюптур.
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Мен кимге дартымды айтышты билбей, башка эч кимге ишенбей Сизге кайрылсам. Сиздин аппараттын кызматкерлери ал катты Башкы прокурорго жана Юсиция министрине негизинен карап, чара көрүүгө жөнөтүшсө, алар карапайым кишиге жардам берип, анын көйгөйүн чечип берүүнүн ордуна кайра менин өтүнүчүмдү бурмалап, Сизге отписканы жөнөтүп коюшса, анан Сиздин аппараттан мага болбогон бир жооп келсе, ушу акыйкаттык болобу?
Сизди ак, таза, ниети түз адам катары, өз жоопкерчилигин сезген, карапайым адамдарга жардам бергиси келген президент катары билем. Бирок, Юстиция министрлиги, Башкы прокуратура Сиздин аппаратка берген жоопторунда Президент катары Сизди, карапайым адам катары мени да алдап жатышат го?! Бүт мамлекетти алдап жатышат. Булар Президентти да, карапайым элди да алдап, мамлекетке, коомго өтө чоң зыян келтирип жатышат го?! Буларды тартипке салып койбойсузбу? Мага окшогон канчалаган адамдар Сизге кайрылышат, Сиз Юстиция министрине жана Башкы прокуратурага ишенип отурасыз. Алар сизди алдап, Сизди жалпы элге жаман көрсөтүп, элден алыстатып, бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды чоңойтуп жатышат. Мында элге Сиз жаман аттуу болосуз, алар эмес, алар мурдагы президенттин учурунда ушундай иштешкен, кийинки президенттин учурунда да ушундай иштей беришет. А бирок президенттер жек көрүмчү болуп кала беришет. Сиз муну жакшы түшүнөсүз го.
Сизден дагы эле болсо акыйкаттыкты жана адилеттикти күтөм. Мага жардам бериңиз, урматтуу Сооронбай Шарипович! Мурдатан элди адилетсиз соттор, адилетсиз прокурорлор, сабатсыз милиция кызматкерлери кыйнап келишсе, эми аларга алдамчы, аферист жана адам сапатын жоготкон сабатсыз адвокаттар кошулуптур. Алардын үстүнөн Башкы прокурордон башка эч ким кылмыш ишин козгой албайт экен. Алар соттордун, арам иш жасаган тергөөчүлөрдүн кошо жешкен шериги болуп, аларга эч ким зыян келтирбейт экен. Ошондуктан алар мага окшогон карапайым кишилерди саап ичип, бирок оңгулуктуу жардам бербей, алдап жүрө беришет экен. Ошондуктан да аларды адвокаттар дебей, эл ичинде “далдалчылар” деп тергешет тура. Мен бул адвокатура тармагына терең реформалар керектигин жон терим менен сездим. Муну албетте жасаш керек, себеби карапайым элдин жон терисин сыйрыгандардын катарына адвокаттар да кошулуп калышыптыр.
Катка Жалал-Абад областтык сотунун жарандык иштер боюнча коллегиясынын 2019-жылдын 15-октярбындагы чечими 2 баракта, КРнын Жогорку сотуна жазылган Т. Сулаймановдун арызына каяша 2 баракта тиркелет.
Сизди урматтоо менен жана Сизден дагы бир жолу адилеттүү жыйынтык күтүп,
Кайрылуу ээси А. Дарманов.