Өзбекстанда быйылкы бышкан кокон гиластардын биринчи партиясы Россияга экспорттолду. Бул тууралуу жашылча-мөмө жемиш бизнесинин эл аралык EastFruit платформасынын эксперттерине шилтеме берүү менен Podrobno.uz жазып чыкты.
Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлдөрүнүн билдиришинче, өзбек кокон гиласынын биринчи партиясы өткөн аптада эле Новосибирск шаарына жеткирилген. Өзбекстандагы дүңүнөн сатуучу соодагерлер гиластын килограммын 550 рублдан (7,3 доллар) сатып өткөрүшкөн, анткени кардарлардын суроо-талабы ошого жараша болууда. Деген менен, ал жактагы базарларда гиластын бир килограммы 1 миң рублдан (13 доллардан ашуун) сатылышы ыктымал деп айтылууда.
Азыркы тапта Өзбекстандын Фергана өрөөнүндө кокон гиластын эрте бышкан сортторунун килограммын орто эсепте 15 миң сумга (дээрлик 1,5 доллар) сатып алууга болот. Ал эми дүңүнөн саткан соодагерлер логистика боюнча чыгымдарын эске алганда да жакшы пайда көрүп жатышканы көрүнүп турат.
Эске сала кетсек, EastFruit платформасынын эксперттеринин баамында, Өзбекстан жылына 35тен 50 миң тоннага чейин кокон гилас экспорттойт. Россия эң ири импорттоочу болуп саналат жана расмий маалыматтар боюнча жылына 75 миң тонна гилас сатып алат. Ал эми EastFruit платформасынын эксперттери Россиянын жыл сайын 100 миң тоннага чейин гилас импорттоп келатканын айтышат.