www.versia.kg
Понедельник, Февраль 9, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

РОССИЯ: ГИТЛЕРДИ “КААРМАН ЫСЫМДАРГА” КОШУП КОЮШТУ

08.05.2020
0 0
0
SHARES
401
Просмотры
Бөлүшүү

Челябинск шаарында Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Каарман ысымдар” долбоорунун алкагында Улуугерман рейхинин фюрери Адольф Гитлердин оңдолгон мурутсуз сүрөтүн Жеңишке салым кошкон согуш каарманы катары көрсөтүшкөн. SMM-адистер фашисттердин жол башчысын тааныбай калганын “Эхо Москвы” билдирген.

Маалыматтарга караганда, муруту жок Гитлердин сүрөтүн электрондук почта аркылуу белгисиз бирөө жөнөткөн экен. Аны SMM-адистер согуш каармандарынын сүрөттөрүнүн катарына кошуп салышканы үчүн ала турган акчалай сыйлыктан кол жуушуптур.

Белгисиз интернет колдонуучу Гитлердин сүрөтүн жөнөтүү менен аны өзүнүн чоң атасы катары сүрөттөгөн. Анан 1942-жылы чоң атасы фронтко жөнөгөнүн, Курск жана Москва шаарынын алдында согушканын, 1945-жылы Висло-Одер салгылашуусунда курман болгонун жазган. Гитлердин ошол сүрөтү «ВКонтакте» социалдык тармагында “Шаар өз баатырларын билип койсун!” деген сөздүн коштоосунда Улуу Ата Мекендик согуштун каармандарын эскерүү алкагында берилген.

“Каарман ысымдар” долбоорунун уюштуруучулары мындай жагымсыз көрүнүш үчүн социалдык тармактын колдонуучуларынан кечирим сурашкан. “Биз ушундай ыйык тема боюнча ким-бирөө тамашалаганга даап, өзүнүн чоң атасы болбогон киши тууралуу окуяны жиберет деп ойлогон эмеспиз. Ошол себептүү да биз жакшылап карабай, текшербей, адамдарга ишенип койдук” —  деп уюштуруучулар социалдык тармакта жазып чыгышкан.

Бул “Каарман ысымдар” долбоору “Өлбөс полк” акциясынын аналогу болуп саналат. Ар ким 1941-1945-жылдары согушкан катышкан шаардыктардын, жакындарынын сүрөтүн, таржымалын бул долбоорго жибере алат

Мурдагы пост

COVID-19: ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАНДАНЫП БАРАТАТ

Кийинки пост

ӨЗБЕКСТАН БЫЙЫЛКЫ КОКОН ГИЛАС ЭКСПОРТУН БАШТАДЫ

Кийинки пост
ӨЗБЕКСТАН БЫЙЫЛКЫ КОКОН ГИЛАС ЭКСПОРТУН БАШТАДЫ

ӨЗБЕКСТАН БЫЙЫЛКЫ КОКОН ГИЛАС ЭКСПОРТУН БАШТАДЫ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In