www.versia.kg
Воскресенье, Март 8, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ЖАЛАЛ-АБАДДА ДАН ЭГИНДЕРИН СЕБҮҮ АЯКТАП БАРАТАТ

09.05.2020
0 0
0
SHARES
152
Просмотры
Бөлүшүү

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана айыл чарба аянттарын натыйжалуу пайдалануу максатында област боюнча айыл чарба иштери активдүү жүрүп жатканын КР өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Ажимамат Исаев билдирди.

Анын айтымына караганда, бир катар дан эгиндерин айдап-себүү иши пландагыдан көбүрөөк жүргүзүлдү. Атап айтканда, быйылкы жылдын 4-майына карата жаздык буудай эгүү 111 пайызга, арпа эгүү 108 пайызга аткарылды. Ошол эле кезде дандык жүгөрү эгүү 81 пайызга аткарылып, учурда аны аяктоо иштери жүрүп жатат. Област боюнча 11 миң 6 гектарга эгилген кылкандуу дан эгиндерин кошумча азыктандыруу иши толук жүзөгө ашырылды.

-Областтын дыйкандары убакытты текке кетиришкен жок, айыл чарба иштеринин темпи жаман эмес. Дан эгиндеринен башка да картошка эгүү 4-майга карата 74 пайыз, май өсүмдүктөрүн эгүү 95 пайыз, чанактуу өсүмдүктөрдү эгүү 79 пайыз, күрүч эгүү 38 пайыз аткарылды. Азыркы тапта бул багытта иштер кызуу. Анан дагы үрөн менен камсыз кылуу жакшы колго алынып, дыйкандар буудай, арпа, картошка, май, күрүч, бахча өсүмдүктөрүнүн үрөнү менен 100 пайыз камсыз болушту. Пахта үрөнү менен камсыз кылуу 95 пайызды түздү. Буюрса, быйыл жакшы түшүм алууга негиз түзүлүп калды, — дейт А. Исаев.

Мурдагы пост

ӨЗБЕКСТАН БЫЙЫЛКЫ КОКОН ГИЛАС ЭКСПОРТУН БАШТАДЫ

Кийинки пост

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕР БАР, СУГАТ СИСТЕМАСЫ ДАЯРДАЛУУДА

Кийинки пост
ЖАЛАЛ-АБАД: ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕР БАР, СУГАТ СИСТЕМАСЫ ДАЯРДАЛУУДА

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕР БАР, СУГАТ СИСТЕМАСЫ ДАЯРДАЛУУДА

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In