Эми өлкөнүн түштүк аймагынын журналисттери ар кандай чыр-чатактарды, талаш-тартыштарды чагылдырууда жалпы коомчулук үчүн мурдагыдан натыйжалуураак жана пайдалуураак аракеттене алышат. Ош шаарында Баткен, Ош, Жалал-Абад областтарынан келген 20га жакын журналисттер чыр-чатактарды, талаш-тартыштарды чагылдыруунун жаңы мүмкүндүктөрүнө ээ болуу максатында атайын машыгуулардан өтүшүүдө. Бул окуулар “Борбордук Азиядагы толеранттуулук менен тынчтыкты көздөгөн көп тараптуу диалог” аттуу долбоордун алкагында жүрүүдө.
Долбоор Конрад Аденауэр атындагы фонддун жетекчилиги алдындагы консорциум тарабынан үч улуттук өнөктөш – “БИОМ” экологиялык кыймылы (Кыргызстан), “Юксалиш” жалпы улуттук кыймылы (Өзбекстан) жана “Гендер жана Өнүгүү” коомдук уюму (Тажикстан) менен биргеликте 2020-2023-жылдары 36 ай аралыгында ишке ашырылуусу каралган. Анын негизги миссиясы – толеранттуулукту, бири-бирин түшүнүү жана радикалдашууну болтурбоону колдоо максатында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы ар тараптуу жана транс-чегаралык диалог менен кызматташтыкка көмөктөшүү.
Бул максатта аталган долбоор зомбулуктуу экстремизмдин түпкү маңызы жөнүндө жана өз ара түшүнүшүүнүн маанилүү экендиги туурасында коомчулук арасындагы маалымдуулукту жогорулатууга, коңшулаш үч өлкөнүн чектеш райондорундагы жаштар менен жергиликтүү жарандык коомдун пайдалуу дараметин арттырууга, ошондой эле сабырдуулукту, зомбулуктуу экстремизмди болтурбоону колдоо, чектеш аймактардагы жамааттардын, жарандык коомдун жана жергиликтүү бийликтин ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу үчүн трансчектик жана секторлор аралык диалогдун ар кандай форматтарын демилгелөөгө жана институционалдаштырууга багытталган.
Бул максаттарга жетишүү, албетте, коомчулукка маалымат таркатуучу медиа-субъекттердин көмөгүсүз мүмкүн эмес. Бирок, маалымат таркатуучулар чыр-чатак, талаш-тартыш кырдаалында эмнелерди эске алууга тийиш? Кайсы принциптер менен иш алып барышат? Кайсы учурларда өтө кылдаттык жана этияттык талап кылынат? Эмнелерге өзгөчө басым жасоо керек? Канткенде коомчулукту же чыр-чатактарга кабылган тараптардын ортосундагы тынчтыкты, өз ара түшүнүүнү камсыз кылып, кырдаалды турукташтыруу багытында кандайча иштеш керек? Жалпы коомдун кызыкчылыгын кантип камсыз кылса болот? Мына ушулар тууралуу журналисттер арасында кеңири сөз болуп, үйрөнүү жана талкуулар аркылуу жаңы билимдерге жана көндүмдөргө ээ болушууда.
Бул багытта чыр-чатактардын, экстремизм жана террорчулуктун табияты тууралуу кеп болуп, байкоостон чагымчыл-көкүтмө маалыматтарды таркатпоо, мындай көрүнүштөрдүн этияттык менен алдын алуу, анын ийкемдүү инструменттерин пайдалана билүү боюнча окуулар жүрүүдө.
Дүйшөмбү, 10-октябрь күнү башталган бул окуулар эртең 12-октябрь күнү жыйынтыкталмакчы. Башкысы – бул окуулардын жыйынтыгы менен журналисттер тарабынан сунуш кылынган жана жактырылган тийиштүү контент жасоо боюнча долбоорлорго гранттар берилмекчи. Бул журналисттердин жогорудагы максаттарда алган билимин жана көндүмдөрүн өз иштеринде кеңири пайдалануу үчүн кошумча мүмкүндүктөрдү берет.
Журналисттерге билим жана көндүмдөрдү үйрөтүү ишине өлкөдөгү белгилүү медиа-устаттар Аделя Лаишева жана Данияр Садиев тартылган. Окуулар журналисттердин арасындагы кызуу талкуулар менен өтүп жатат.