Эми Ноокен районунун “Достук” аймактык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери чек арага жакын жайгашкан калкка сервистик сапаттуу тейлөө көрсөтө алышат. Анткени бул жерде аймактык милициянын кызматкерлеринин иштөө шартын жакшыртуу жана ден соолугуна кам көрүү максатында 4 имарат жана заманбап спорт аянтчасы ишке берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын ОИИБ) басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, Достук аймактык милиция бөлүмчөсүнүн имараты, Момбеков айыл аймагындагы милициянын аймактык пункту, райондук жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн имараты жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кичи футбол аянтчасынын ачылышы өтүп, ага КР Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБнин башчысы Ашим Тагаев, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Таалай Ишенбеков, жергиликтүү мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.
Басма сөз кызматы билдиргендей, Достук аймактык милиция бөлүмчөсүнүн курулуш иштерине жалпысынан 4 миллион сомдон ашуун каражат жумшалып, анын 3 миллион сому республикалык бюджеттен, ал эми 1 миллион сому Достук айыл өкмөтү тарабынан каржыланган. Ал эми райондук жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушуна 2021-жылдын 16-декабрында капсула салынып, бардык шарттарды эске алуу менен курулуп бүттү. Ага Ноокен районунун өнүктүрүү фондусунан 1 миллион 700 миң сом бөлүнүп берилген.
Жалпы аянты 820 чарчы метрлик, узуну 40, туурасы 20 метр келген кичи футбол аянтчасынын курулушу да жергиликтүү каражаттын, башкача айтканда, Ноокен районунун өнүктүрүү фондусунун 2 миллион сомдук каржылоосу менен ишке ашырылды. Ал эми Момбеков айыл өкмөтү атайын долбоор жасатып, Ноокен районунун өнүктүрүү фондунун эсебинен райондук милициянын аймактык пункту ачылды.
Аталган объекттердин ачылышына байланыштуу област жетекчиси Абсаттар Сыргабаев жалпыга куттуу болсун айтып, бийлик тарабынан милиция үчүн кам көрүлүп жатканын, бардык жасалып жаткан иштер алардын ишмердүүлүгүндө оң натыйжа берет деп ишенерин билдирди. Милиция кызматкерлерине жакшы каалоо-тилектерин айтты. Ал эми областтык милициянын жетекчиси Ашим Тагаев бул объектилер заманбап талаптар менен курулуп, калкка кызмат көрсөтүүдө жана сервистик тейлөөдө кызматкерлер үчүн мыкты шарттар түзүлгөндүгүн, райондун борборунан алыс жайгашкан аймактагы тургундардын көйгөйлөрү жеринде чечилерин, бул үчүн ИИМ тарабынан атайын штаттар каралып, толук кандуу ишке берилгендигин, кылмыштуулуктун алдын алууда жана болтурбоодо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо кызматкерлер талыкпай эмгектене беришерин белгиледи. Ошондой эле имараттарды куруга салымын кошкон жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тургундарга ыраазычылык билдирип, ИИМ, ОИИБ жана Ноокен РИИБи тарабынан даярдалган сыйлыктарды тапшырды.
Ноокен районунун акими жана жергиликтүү айыл өкмөт башчылары жакшы каалоо тилектерин билдиришип, мындан ары да милицияны колдошоорун, биргеликте эл үчүн кызмат көрсөтүшөөрүн айтышты. Аны менен катар жергиликтүү тургундар да милиция үчүн ушундай заманбап имараттар курулуп, шарттар жакшырып жаткандыгына ыраазы болушуп, милициянын иштерине ийгилик каалашты. Аксакалдар ак баталарын беришти.