Жалал-Абад областы жаратылышы кооз, туризм тармагын өнүктүрүүгө өтө чоң потенциалы бар аймак экени жалпыга маалым. Бирок, бул тармакты өнүктүрүп, андан олчойгон кирешелерди алуу ниети канчалык айтылбасын, чынында арымдуу аракеттер байкала бербейт. Областтын чыгыш тарабында айтылуу Саймалуу-Таш, түндүк-батышында Ыдырыс пайгамбардын күмбөзүнөн баштап Шах-Фазил комплекси, Падыша-Ата, Сары-Челек, Арстанбап, Кара-Алма сыяктуу эс алуучу жайлар бар. Токтогул аймагы, Чычыкан капчыгайын көрүүнү эңсегендер четтен табылат. Андан башка да ондогон жайларда эс алуучуларды эс алуучуларды күтүп алуу, шарт түзүү менен иштетүү аракеттери болууда. Бирок, өтө зор мүмкүндүктөр колго алынбай кала бергени да өкүндүрөт.
Жакында болуп өткөн областтык коллегиянын жыйынында туризм батыгында ишмердик жүргүзүп жаткан объекттерден 3 мамлекеттик корук, элүүдөн ашуун мейманкана жана конок үйлөрү, 2 курорттук дарылануучу жай, 2 турбаза, 1 турпансионат, 4 туристтик эс алуучу жайы, 7 тарыхый археологиялык комплекстер, 9 музейлер жана жеке ишкерлер тарабынан жаз-жай мезгилинде уюштурулган эс алуу жайлары, жол бойлоруна тигилген боз үйлөр жана Базар-Коргон районунун Арстанбап аймагындагы коомчулукка негизделген туризм иштеп жатканы айтылды.
Анан быйыл 24-апрелде Өзбекстан Республикасынын борбор шаары Ташкентте “Кыргызстандын Өзбекстандагы II көчмө туристтик көргөзмөсү” болуп өткөнү,ага Жалал-Абад областынан ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары жетектеген делегация катышып келгени кошо айтылды. Көргөзмөдө курорттук-рекреациялык туризм боюнча «Жалал-Абад» санаториясы, ал эми экологиялык туризм боюнча «Сары-Челек» мамлекеттик коругутааныштырылып, жарнамалык маанидеги тиешелүү материалдар сунуш кылыныптыр.
Болду, ошону менен бул тармак тууралуу башка нерсе айтылган жок. Быйыл жарым жылда канча турист келгени, мейманкаларга канчасы жатып, алардын кирешеси канчалык өсүп жатканы, кайсы жайларда жаңы туристтик объекттер ачылып, кайсы субъекттер кошулганы, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эмнелер өзгөргөнү, туризм тармагы областтык ички дүң продукциянын канча үлүшүн камсыздаганы, бюджетке канча киреше алып келгени сыяктуу маалыматтар айтылбады. Алар жок болсо керек, себеби бул жагынан бизде статистиканы алуу, атайын кызыгып иштөөнүн өзү да жок.
Арстанбапка кетчү жолдун акыбалы эгемен жылдары ичинде айтыла берип, маселенин өзү эскирип кетти, жолду мындай кой. Кара-Алмада абал мындан 20 жыл мурун ккандай болсо, азыркы учурда деле олуттуу өзгөрүү боло элек. Областтагы башка да кооз, эс алуучу жайларда кабыл алуу, шарт түзүү жагынан жарытарлык эч нерсе аткарыла элек. Айтыла берет, токтомдор кабыл алына берет, бирок көзгө көрүнгөн иш байкалбайт. Башкасын айтпа, област аймагында көзгө көрүнгөн бир туристтик агенттик же фирма бар экенин уга элекпиз. Жергиликтүү бийликтер мейманканага жаткан кишинин санын эсептеп, жогору жакка отчёт бергенден тажай элек.
Болбосо ушул туризм тармагынан эле област кыйла киреше таап, бюджетке пайда алып келсе, туризм индустриясын өнүктүрүп, аймагыбызды замандап тартипке, көрүнүшкө алып келип койсо болмок… Тилекке каршы, Кыргызстан туризм десе эле Ысык-Көлдү эстеп, ал жерге келген туристтик, түшкөн кирешени эсептегенден ары өтпөй жатат. Башка бардык аймактарда туризмди өнүктүрүү боюнча комлпкстүү, узак мөөнөттүү программалар, стратегиялык багыттар, долбоорлор бар экени тууралуу коомчулукта маалымат жок. Кала берсе, Кыргызстандын кооз жаратылыш тууралуу видео-роликтерди да алыстан келген туристтер жасап, өз өлкөсүндө жайылтып жатышат, биз бул багытта да астейдил эч нерсе жасай элекпиз.
Туризм деген өзү эмне?
Туризм деген өзү эмне? Сөздүктөрдү карасаңыз, туризм дегенибиз бир же көп кишинин өзү жашап турган жеринен башка жакка жыл ичинде 24 сааттан тартып 6 айга чейин барып, көңүл ачып келиши экен. Ушундай кишилерди турист же саякатчы деп аташат. Сырткы туризм жана ички туризм болуп бөлүнөт: эгер башка өлкөгө чыксаңыз – сырткы, өлкө ичинде саякаттасаңыз – ички.
Туристтербайыркымезгилдерден бери эле бар экен. Ал убактардакишилерсоода-сатык, дипломатиялыксебептермененсаякатташчу. Байыркытуристтикиндустриянынобъекттериболуптаверналар – аракканалар, майдакафелерболушкан. Бара-бара сойкуканаларбелгилүүболушту. Андантышкары, динийзыяраткылуулар, спорттукмелдештер (олимпиада), эс алуу же ден-соолуктучыңдообагытында да саякаттаптурушкан. Албетте, саякаттоокишилердинаң-сезиминин, көзкараштарынынөсүп-өнүгүшүнөзортаасирберген.
Туризмдинөнүгүүэтаптары бар: он тогузунчукылымдатуристтиктейлөөбоюнчаатайынишканалартүзүлүп, өнүккөн. Экинчидүйнөлүксогушкачейинкимезгилдемассалыкжанасоциалдык туризм күчөгөн. Жыйырманчыкылымдын 80-жылдарына чейин туризм индустриясыжанамассалыкконвейердик туризм тездикмененөнүгүпкеткен.
Туризмөнөржайдын, транспорттун, жолинфраструктурасынын, башка да маанилүүтармактардынөнүгүшүнөшарттүзгөн. Он тогузунчукылымдынбашындадүйнөдөмыктымейманканалар, тейлөөсервистери, экинчижарымындасаякатбюролорупайдаболгон. Жыйырманчыкылымдынбиринчижарымындамассалык эс алуу, спорттук туризм жайылтылган. Анан50-60-жылдардан баштаптуристтикфирмалар, мейманканалар, көңүлачуучужайларкөбөйгөн, 1970-жылдан баштапсырткы туризм күчүнөкирген. Тейлөөассортименттерикеңейген, жеке туризм, спорттук, экологиялык туризмпайдаболгон.
Биздеболсо, шааргакирип-чыкканкишилердинжалпысаныналып, ушунча турист келдидеп, кызарбай отчёт берипжатабыз.
Эң эле кирешелүү тармак
Дегенменен, туризм жалпыэкономиканынөнүгүшүндөчоң роль ойнойт. Дүйнөлүктейлөөрыногундагыанынүлүшү 30 пайызгабарабар. Булжагынан ал нефть тармагымененатаандашат. Жылсайынтуризмгеболгонинвестициянынкөлөмү 30 пайызгаөсүүдө. Туризм эңпайдалуу бизнес-тармакболупкалдыжанадүйнөлүккапиталдын 7 пайызынпайдаланыпкелет.
Тээ 1995-жылы эле эл аралыктуризмдинжылдыккирешеси 373 миллиард долларгажеткен. Ошолжылы 567 миллион саякатжасалган. Туризм тармагы 137 миллион кишинижумушмененкамсызкылыптурат, дүйнөлүкулуттукдүңпродуктынын 6 пайызы, жумушчуорундардын 6 пайызы, керектөөчыгымдарынын 11 пайызытууракелет.
Дүйнөлүктуристтикуюмдунмаалыматында, 2007-жылы эл аралыктуристтиккаттоолордунөзү эле 900 миллионгожеткен (2004-жылы 766 миллион болгон); 2005-жылы Европага 444 миллион, Азия-Тынч океан аймагына 156 миллион, ТүндүкжанаТүштүкАмерикага 133 миллион, башка аймактарга 75 миллион киши келип-кеткен.
Европа өлкөлөрү 1989-1997-жылдары 350 миллионгочейинтуристтердикабылалышкан. Эл аралыктуризмденалынуучукиреше 2 эсеөскөн. Бирок, кийинкикездердетуристтер саны азайыпбарат, көрсөнегизгитуристтерошолөлкөлөрдүнганаичиндежашашатэкен.Ананкалса, тейлөөбааларынынжогоруболушужана Азия-Тынчокеанындагыөлкөлөргөболгонкызыгуу да бугасебепболупкалды.
Үлкөнкирешеси бар бултармакэкономиканынмаанилүүчөйрөсүнөайланган. Себеби, кеткенчыгымдар тез эле кайра ордунакелет. Мисалы, старттыкинвестициягаакчааз кетип, аз убакыттыничиндекайтарылат, рентабелдүүлүкжогору.Француздар, испандар, италиялыктарсырткакөпчыгышат, ал эми Скандинавия, Ирландия өлкөлөрүэкологиялык, британдарбилимберүүчүлүктуризмимененбелгилүү.
Кыргызстандагы абал
Дүйнөлүк туристтик уюмдун божомолунда 2020-жылга карата планетадагы туристтерди эң көп кызыктарган багыт Улуу Жибек жолу болот экен. Чынында бул чөлкөмгө кызыгуулар барган сайын өөрчүп, Япония менен Батыш Европанын туристтери келе баштаганы байкалып эле жатат.
Акыркы кездерде Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча аракеттер байкалат. Башкасын айтпаганда да “Көчмөндөр оюндары” долбоору өлкө тууралуу маалыматты чартарапка таркатып, кызыгууну туудуруп жатканы маалым. Анан калса, дүйнөлүк интернет желеде Кыргызстан тууралуу мыкты роликтер чыгып жатат. “Аль-жазира” сыяктуу үлкөн маалымат таркатуу булактары Кыргызстан тууралуу маалыматтарды таркатышууда.
Деген менен, статистикага кайрылсак, анда абал төмөнкүдөй экен. Эгер туристтик мейманканалар, базалар саны 1994-жылы 14 болсо, 2015-жылы 11 болгон. Алардагы айлык тейлөө орундары 1996-жылы 1596 болсо, 2015-жылы 593 болгон. Иштөөчү персонал саны 1996-жылы 41 миң 600 болсо, 2015-жылы 36 миң 444 болду.
Санаторийлердеги айлык тейлөө орундарынын саны 1996-жылы 2568 болсо, 2015-жылы 4475ке жеткен. Санаторийлерде иштеген персонал саны 1996-жылы 9700 болсо, 2015-жылы 56 миң 395ке жетти. Көрүнүп тургандай, тармак, андагы тейлөө орундары, жумушчу орду улам өсүп келатат.
Кыргызстандагы эс алуучулар саны улам өсүүдө. Мисалы, 2007-жылы 826,1 миң турист эс алса, 2015-жылы анын саны 1 миллион 265,1 миң киши болду. Буга жараша өлкөнүн ички дүң продуктысындагы туризмдин үлүшү да өсүүдө: 2006-жылы ал 3,5 пайызга барабар болсо, 2015-жылы 4,4 пайызга жетти.
Ал эми 2018-жылы кыйла жемиштүү болду. Алсак, туризм чөйрөсүндөгү субъекттер 111,3 миңге жетип, туристтерди ташуудан эле 150 миллион доллар киреше түшкөн. Туристтерге байланыштуу чекене соода көлөмү 335 миллион доллар болуп, ресторан, кафе, ашкана жана барлардын жылдык оброту 147 миллион долларды чапчыган. Чет жактардан келген туристтерди кабыл алуудан түшкөн киреше 453 миллион долларга, ал эми кыргызстандыктардын чет жактардагы чыгымдары 276 миллион долларга жетти.
Быйылкы жылдын биринчи жарымында туризм чөйрөсүндөгү субъекттер 111,3 миңге жетип, тармактагы кошумча нарк салыгынын көлөмү 3 миллиард 508,4 миллион сомду түздү. Бул ички дүң продукциянын 3,4 пайызын түзөт. Өлкөдө туризм тармагынын өнүгүшүнө түрткү берүүчү 157,2 миллион сомдук өнөр жай продукциялары иштелип чыкты. Тармактагы негизги капиталга инвестициялар көлөмү 1 миллиард 394,1 миллион сомго жетти. Туристтерди унаалар менен ташуудан түшкөн кирешенин көлөмү 1 миллиард 394,1 миллион сом болду. Тармак ичиндеги чекене товар жүгүртүү көлөмү 2 милилард 501,5 миллион сомго тете. Ресторан, кафе, ашканаларда даяр продукуция менен камсыз кылуу көлөмү да 1 миллиард 325,6 миллион сомго жеткен. Туристтик агенттиктер 271,4миллион сомдук кызмат көрсөтүшсө, мейманканалар кызматы 341,4 миллион сомго бааланды. Мына ушулардын баары өткөн жылдын жарымына салыштырмалуу бирдей же көп.
Бирок, жалпы өлкөнүн фонунда биздин Жалал-Абад областында туризм тармагы качан астейдил өнүгүп, оозго алынар экен?
Тазагүл ШАМШИЕВА,
журналист.