Даниянын банкы биринчи жолу керектөөчүлөргө ипотека насыяларын терс пайыздагы үстөгү менен берүүнү сунуштап жатат. Турак жай сатып алууга карата 10 жылдык мөөнөттөгү насыялар -0,5 пайыздагы, ал эми 20 жылдык мөөнөттөгү насыялар нөл пайыздагы үстөк менен берилмекчи. Бул тууралуу ВВС маалымат таркатты.
Алынган маалыматка ылайык, насыяларды минус 0,5 пайыз үстөк менен Даниянын Jyske Bank банкы сунуштап жатат. Ошентип, насыя алгандар банкка алган карыз боюнча үстөктү беришпейт. Мындай терс пайыздагы насыялар 10 жылга берилип, үстөгү келишимде так көрсөтүлөт жана кийин өзгөртүлбөйт. Ал эми нөл пайыздагы үстөк менен берилүүчү насыялар 20 жылга берилсе, 30 жылдык мөөнөттөгү насыялар 0,5 пайыз кошумча үстөгү менен берилиши каралган.
Мындай саамалык коомчулукту гана эмес, банк тармагындагыларды да таң калтырбай койгон жок. Деген менен, терс пайыз кошумча үстөк үчүн гана коюлган, ал эми насыянын негизги бөлүгү толугу менен кайтарылат жана насыя алган тарап милдеттүү жыйымдарды, келишимди каттатуу боюнча юридикалык чыгымдарды да төлөөгө тийиш. Ошондой болгон чакта банк берген карызынан ашыгыраак суммада каражаттарын кайтарып алат.
Даниядагы инфляциянын өлчөмү жылына 0,2 пайызда сакталып келет. Ал эми Jyske Bankкеректөөчүлөрдүн салымдарын жылдык 0 пайыз менен кабыл алып келүүдө. Ошондой эле Швейцариянын UBS банкынын мисалы менен азыр салым салуучуларга үстөктү терс пайызда сунуш кылуу ниетинде. Ал эми UBS банкы карапайым салым салуучуларга жеңилдик жасаганы менен акчаларын сактап бергени үчүн ири кардарларды жылдык 0,6 пайызда тейлейт.