Италиянын Абруццо областындагы Аквил районуна караштуу Авеццано шаарында унааларды токтотуп коюучу жайлардын (парковака) акысы эми анын узактыгына жараша алынат. Болгондо да акысын акча менен эмес, Кудайга сыйынуу менен төлөсө болот. Эгер унааңыз токтоочу жайда 15 минута турса, Бүбү Мариямга бир жолу, бир саат турса – 10 жолу, эки саатка – 20, узаак турса – ошого жараша узаак сыйынууга туура келет.
Мындай сыйынуу процедурасы Умай энеге арналып курулган жергиликтүү чиркөө тарабынан кабыл алынган. Чиркөөнүн башчысы дон Винченцо Де Марио ушундай демилге менен чыгып, көчөгө атайын көрнөк да илип койгон. Максаты – ушундай жол менен атуулдарды динге, чиркөөгө чакыруу. Кантсе да, “моодоке” бул идея тамаша иретинде ишке ашып жатканы менен ким-бирөөлөрдүн сыйынган же сыйынбаганын жогору жактан Кудай өзү көрүп турат.
Католиктердин Avvenire гезитинин жазганына караганда, бул жердеги чиркөө1950-жылдары курулган, ал эми Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда ал жайда аскер туткундары жайгашкан концлагерь болгон.
Дон Винченцо азыркы тапта атуулдардын динге жана чиркөөгө болгон убактысы азайып, Кудайдан алыстап кетишти. Эми ушундай жол менен болсо да аларды динге тартуу аракети болуп жатат.