Санкт-Петербургдагы Смоленск мүрзөсүндө Россиянын президенти Владимир Путиндин, анын басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун, премьер-министр Дмтирий Медведевдин жана башка ишмерлердин сүрөттөрүн илип салгандыктары боюнча кылмыш иштери козголду. Бул тууралуу россиялык сайттар жазып чыгышты.
Адвокат Максим Камакиндин айтымында, кылмыш иши Россиянын Кылмыш-жазык кодексиндеги алдын ала сүйлөшүу жолу менен маркумдарды жана алар көмүлгөн жайларды мазактагандык беренеси боюнча козголгон. Бул кылмыш ишинин алкагында бир катар атуулдарды күбө катары кармап, суракка алышкан жана айрым активисттерге тинтүү жүргүзүшкөн.
Алынган маалыматтар боюнча, буга чейин Санкт-Петербург шаарынын айрым аймактарында нааразылык акциялары өтүп, анда акциянын катышуучулары мүрзөгө өлкө жетекчилеринин сүрөттөрүн илип салышкан.