АКШнын Техас штатынын экономикасы Россия Федерацияынын экономикасынан алдыга озуп кетти. Бул тууралуу АКШнын энергетика министри Рик Перриге шилтеме берүү менен РИА Новости агенттиги маалымат таркатты.
Техас штатында 14 жыл губернатор болуп иштеген министрдин айтымында, эгер штат өзүнчө мамлекет болсо, экономикалык абалы жагынан дүйнөдө 12-орунда турмак жана Россиядан алдыда болмок. Азыры кезде Техаста энергетикалык секторду кайра жаңылоо, модернизациялоо, абага булганч заттардын чыгышын азайтуу жагынан үлкөн иштер жүрүп жатат. Штат АКШдагы шамал энергиясын көп өндүргөн эң ири аймак эсептелет.
Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, 2019-жылы Россиянын экономикасы 1,61 триллион долларлык ички дүң продукциясы менен дүйнөдө 12-орунда турат. Ал эми дүйнөнүн биринчи үчтүгүндө 21,34 триллион доллар ички дүң продукциясы менен АКШ, 14,22 триллион доллары менен Кытай, 5,18 триллион доллары менен Япония бар.
Ал эми Техас штатынын ички дүң продукциясы 2018-жылы Россия Федерациясынын ички байлыгынан 40 миллиард долларга көптүк кылган. Жан башына эсептегенде Техастын ички байлыгы 58 миң долларга туура келсе, Россияда араң гана 8700 долларга жеткен.