www.versia.kg
Четверг, Декабрь 12, 2019
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ЖАЛАЛ-АБАД: ЭЛ АРАЛЫК ТЕРРОРДУК ТОПТУН МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

11.11.2019
0 0
0
SHARES
128
Просмотры
Бөлүшүү

Жалал-Абад облусунун 1995-жылы туулган тургуну  “Жалданмачылык” беренеси боюнча издөөдө жүргөн“Х.М.” кармалды. Ал УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана согушкерлердин Кыргыз республикасынын аймагына кирүү каналына бөгөт коюуу алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында колго түшүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, кармалган адам 2015-жылы Сирияга кетип, диверсиялык-террористтик атайын даярдыктан өткөн жана эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү болуп, Сирия өкмөтүнө каршы согушка катышкан.

Кылмыштуу иштерин жашыруу үчүн КМШ мамлекеттеринин биринде эмгек мигранты катары жашырынып жүргөн. Азыркы убакта “Х.М.” Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Кошумчалай кетсек, ушул күндөрү Бишкек шаарында дагы “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун “амири”, коңшу мамлекеттин жараны “Ш.Т.” кармалган. Ал Кыргызстандын аймагында  диний экстремисттик уюмдардын жашыруун ячейкаларынын иш-аракеттерин жетектеп жүргөн.

Такталгандай, кармалган адам коңшу мамлекеттердин биринде “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмуна катышкандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн. “Ш.Т.” жасалма паспорт менен Кыргызстандын аймагында активдүү экстремисттик аракеттерин жасаган.

Кармалган адам Бишкек шаарынын №1-Тергөө камак жайына киргизилип, тергөө иштери башталган.

Мурдагы пост

ТЕХАС ШТАТЫНЫН ЭКОНОМИКАСЫ РОССИЯНЫ АРТКА КАЛТЫРДЫ

Кийинки пост

ӨЛКӨДӨ ЭКИ ЭЛЕ ПАРТИЯ БОЛСУН ДЕШТИ

Кийинки пост
ӨЛКӨДӨ ЭКИ ЭЛЕ ПАРТИЯ БОЛСУН ДЕШТИ

ӨЛКӨДӨ ЭКИ ЭЛЕ ПАРТИЯ БОЛСУН ДЕШТИ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In