Тажикстандын парламентинин төмөнкү палатасы “Жарандык абал актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Ага ылайык эми жарандын фамилиясын жазганда славян суффикс мүчөлөрү кошулуп жазууга тыюу салынат. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Буга чейин Тажикстанда жаңы төрөлгөн балдарды каттоого алууда фамилияларын славян суффикстеринин жардамы менен “ов”, “ев” мүчөлөрүн, атасынын атын жазууда “ович” жана “евич” мүчөлөрүн кошо жазышчу. Эми төрөлгөн балдарды каттоодо мындай жазылбайт. Алынган маалыматтарга караганда, өлкө аймагында жашаган улуттук азчылыктарга гана фамилиясын жазууда мындай мүчөлөрдү колдонуп жазуу же жазбоо жагынан эркин тандап алууга укугу берилет.
Өлкөнүн Юстиция министри Музаффар Ашурёндун айтымында, мындай өзгөрүү мыйзам толук кабыл алынгандан кийинки төрөлгөн балдарга тиешелүү. Буга чейин туулгандыгы тууралуу күбөлүк алгандарга фамилиясын кайра жаңыча жаздыруунун зарылдыгы жок. Алар эми күбөлүктө кандай жазылса, ошондой паспорт ала беришет. Министр мындай өзгөрүүнү улуттук ысымдарды кайра калыбына келтирүү аракети деп мүнөздөдү.
Тажикстанда жарандарга 2007-жылы эле фамилиясындагы славян суффикстеринен арылуу сунушу берилген. Өлкө президенти өзү өрнөк көрсөтүү менен Эмомали Рахмонов дегенди Эмомали Рахмон деп өзгөрткөн жана фамилияны жазууда ата-бабалардын мисалын колдоп, фарсы үлгүсүндө жазууга чакырган. Анын артынан бардык чиновниктер фамилиясын жаңыча жаздырып алышкан.