www.versia.kg
Суббота, Декабрь 6, 2025
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ТАЗА СУУ ДОЛБООРУ КҮН ЭНЕРГИЯСЫ МЕНЕН ИШКЕ АШЫРЫЛАТ

08.08.2025
0 0
0
SHARES
694
Просмотры
Бөлүшүү

Сузак районунда Кара-Дарыя айыл аймагындагы Арал айылына караштуу Майда-Мундуз, Каңды, Бай-Маале, Сай участокторунун тургундарын таза суу менен камсыз кылуу иштери башталды. Эгер башталган иштер аягына чыкса, 400дөн ашуун кожолук таза суу менен камсыз болмокчу. Бул тууралуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, бул ишке ашырылып жаткан долбоор Кыргызстандын аймагындагы уникалдуу окуя – биринчи жолу таза суу долбоорунда күн энергиясын пайдалануу менен калкка суу чыгарып берүү иши аткарылат. Демек, таза суу менен камсыз кылуу үчүн зарыл болгон электр кубаты күндөн бекер алынат.

Азыркы күндө суу кудугун казуу иштери жүрүүдө. Атайын техникалар жер астынан 90 метр төмөнкү артезиан сууларын чыгаруу үчүн иштетилип жатат. Бул иштерди жүргүзүү укугун тендерден утуп алган “Биримдик курулуш” жоопкерчилиги чектелген коому буга чейин бир апта ичинде бегилүү аянтка күн панелдерин орнотуу жумуштарын жүргүзүп, учурда казуу иштерин да жакынкы аралыкта бүткөрүү аракетинде.

-Биз күн панелдерин орнотуп бүткөнбүз, мунун өзү бул долбоордун өзгөчөлүү экенин айтып турат. Күн панелдеринин жалпы кубаттуулугу 22 кВт, сууну соруп чыгаруучу насостун кубаттуулугу 11 кВт, секундасына 15 литр суу чыгара алат. Биздин практикада бул күн энергиясы менен таза суу чыгаруу иши биринчи жолу ишке ашырылып жатат. Мунун баары айыл өкмөтүндөгү Арал айылынын тургундарынын таза сууга болгон муктаждыгын канааттандырууга байланышкан. Буюрса, биз өз иштерибизди сапаттуу жана өз убагында аткарып беребиз, — дейт ишкананын жетекчиси Мунарбек Тешебаев.

Бул таза суу долбоорунун автору – айыл өкмөтү. Айыл бийликтеринин айтымында, суу кудугун казуу жана күн панелдерин орнотуу менен таза суу чыгаруу долбоорун ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен бир тыйын да сарпталган жок.

-Бюджеттик жжетишпестиктерден улам биз долбоорду Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондусуна жолдогонбуз. Алар биздин 7 миллион сомдук долбоорду толугу менен жактырып беришти. Ал эми долбоордук иштерди аткаруу үчүн тендердик наркы 6 миллион 833 миң 476 сом болду. Азыр утуп алган подрядчик ишти аткарууда. Максатыбыз – айыл калкын таза суу менен толук камсыз кылууга жетишүү. Ошондуктан мындай аракеттер дагы да улана берет, — дейт Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн инвестиция боюнча адиси Абдирашит Жоробаев.

Баса, кийинки жылы бул долбоор дагы ишин улантып, айылдын бюджетинин жана инвесторлордун эсебинен таза суу түтүктөрү аркылуу айылдыктардын үйлөрүнө жеткирилмекчи. Ошондо, айылдыктарды таза суу менен камсыз кылуу деңгээли дагы 15 пайызга чейин жогорулап, дээрлик 80 пайызга жетип калат. Азыркы тапта бардык айылдыктардын 65 пайызы таза суу менен камсыз болгон.

Эскерте кетсек, Кара-Дарыя айыл аймагында быйылкы эсеп менен 17 миңден ашуун калк жашайт жана аймак Сузак районунун башка аймактарынан окчун жайгашкан, эки тарабынан Өзбекстан Республикасы менен чектешет.

Мурдагы пост

АЙЫЛДЫК МЕКТЕП КАПИТАЛДЫК РЕКОНСТРУКЦИЯДАН ӨТӨТ

Кийинки пост

ОПАСЕН ЛИ ТЕКУЩИЙ УРОВЕНЬ ДОЛГА КЫРГЫЗСТАНА?

Кийинки пост
ОПАСЕН ЛИ ТЕКУЩИЙ УРОВЕНЬ ДОЛГА КЫРГЫЗСТАНА?

ОПАСЕН ЛИ ТЕКУЩИЙ УРОВЕНЬ ДОЛГА КЫРГЫЗСТАНА?

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In