www.versia.kg
Суббота, Декабрь 6, 2025
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

АЙЫЛДЫК МЕКТЕП КАПИТАЛДЫК РЕКОНСТРУКЦИЯДАН ӨТӨТ

01.08.2025
0 0
0
SHARES
845
Просмотры
Бөлүшүү

Быйыл Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл аймагындагы №20 Мамасадык Маткаримов атындагы орто мектептин имаратын толугу менен реконструкциялоо иштери башталмакчы. Бул мектептин имараты курулган 1970-жылдан бери 55 жыл ичиндеги биринчи жолку реконструкция эсептелет. Бул тууралуу мектептин директору Талантбек Эргешов билдирди.

Мектептин имаратынын реконструкциясы Бүткүл дүйнөлүк банктын ERIK – “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” долбоору аркылуу жүргүзүлмөкчү. Аталган долбоордун 2-компоненти боюнча өлкөнүн 300 мектебинде изилдөө иштери жүрүп, Маткаримов атындагы мектеп реконструкциялоо зарылдыгы менен долбоордун приоритеттик тизмесине кирген. Жакынкы убакта Бүткүл дүйнөлүк банк реконструкциялоо иштерин жүргүзүү максатында курулуш уюмдарынын арасында конкурс жарыялады. Реконструкциялоо иштеринин долбоордук наркы 320 миң АКШ долларын түзөт.

Мектептин имаратын реконструкциялоо кайра пландаштыруу, эсеп-аналитикалык негиздемеге ылайык көтөрүүчү конструкциялык элементтерди күчөтүү, имараттын фасадын жакшыртуу, терезе-эшиктерди алмаштыруу, инженердик системаларды жана коммуникацияларды алмаштыруу, имаратты жылуулоо, пайдубалды, имараттын дубалдарын, мамычалар жана устундарды бекемдөө жана да желдетүү, жылытуу жана электр менен жабдуу тутумун орнотуу иштерин камтыйт.

Андан сырткары, мектептин муктаждыгы үчүн тазалоочу курулмаларды орнотуу, 9 ички дааратканаларды жайгаштыруу, чатыр конструкцияларын алмаштыруу, сырткы жарыктандырууну орнотуу, лифт жана пандус орнотуу иштери жүргүзүлөт.

Мектеп директорунун айтымында, эгер долбоордо көрсөтүлгөн бардык талаптар аткарылуу менен иштер аягына чыкса, анда мектеп имараты кайрадан жаңы курулуп калгандай эле абалда болот.

— Бул биз үчүн чоң ийгилик, жетишкендик болуп калат. Анткени жарым кылымдан ашык мезгилден кийин мектептин эскирип калган имараты толугу менен реконструкцияланып, заманбап шарттары менен толукталып, кайрадан жаңы мектеп курулуп калгандай эле болот экен. Менимче, бул биздин мектеп гана эмес, жалпы Кара-Дарыя айылынын жетишкендиги болуп калат деп ойлойм. Албетте, Бүткүл дүйнөлүк банкка, Өкмөткө жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ыраазылык билдиребиз, — дейт Талантбек Эргешов.

М. Маткаримов атындагы мектеп 1970-жылы курулуп, Сузак районундагы алгачкы мектептердин катарында турат. Адегенде “Кызыл-Жылдыз” орто мектеби деп аталып, кийин ардагер педагог, Улуу-Ата Мекендик согуштун ардагери, Балтика боюндагы өлкөлөрдү жана  Кенигсбергди фашисттерден бошотууга катышкан, Польшага чейин барып, бир нече жолу жарадар болгонуна карабастан согушта каармандыктарды көрсөткөн Мамасадык Маткаримовдун ысымы ыйгарылган. Азыркы кезде мекептин 820 окуучусуна 51 мугалим билим-тарбия берип келатышат.

Эскерте кетсек, Кара-Дарыя айылы Сузак районундагы райборбордон ыраак, эки тарабынан Өзбекстан менен чектешип турган айыл аймагы эсептелет. Анда 6 орто мектеп болсо, анын бирөөсүндө капиталдык ондоо-түзөө иштери жүрүп жаткан кез. Ошондой эле дагы бир мектептин жаңы имаратынын курулушу жүрүүдө.

Мурдагы пост

АСАНБЕК КАРАКОЗУЕВ: “ГЕЗИТТИ КОНВЕРГЕНТТИК РЕДАКЦИЯГА АЙЛАНДЫРГЫМ КЕЛЕТ

Кийинки пост

ТАЗА СУУ ДОЛБООРУ КҮН ЭНЕРГИЯСЫ МЕНЕН ИШКЕ АШЫРЫЛАТ

Кийинки пост
ТАЗА СУУ ДОЛБООРУ КҮН ЭНЕРГИЯСЫ МЕНЕН ИШКЕ АШЫРЫЛАТ

ТАЗА СУУ ДОЛБООРУ КҮН ЭНЕРГИЯСЫ МЕНЕН ИШКЕ АШЫРЫЛАТ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In