Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев тууралуу маалымат айдыңында кыйла ызы-чуу кеп болуп, анын жүрүм-туруму коомчулуктун кызуу талкуусун жаратып келди. Эң кызыгы, өзүнүн бир тууганын муниципалдык бийлик тутумундагы бир мекемеге жетекчи кылып дайындап, коомчулукта ызы-чуу жаралган соң кайра өз арызы менен кызматтан алган. Бирок, аны менен эле бүткөн жок, дагы бир тууганы – Абибилла Тагаев – өлкө президентинин бир тууганы Асылбек Жээнбековдун кудасы да “Газпром-Кыргызстан” компаниясы тарабынан шаарга курулган ден соолукту чыңдоочу комлекске жетекчи дайындалган. Бирок, шаар бюджетинен жем жеген бул мекеменин жетекчи-бир тууганы дале болсо былк этпей иштеп жатат. Чынында А. Тагаевдин спорт тармагына эч бир титешеси жок, жалаң жеке менчик соода тармагында жүргөнү гана белгилүү.
Ден соолукту чыңдоочу комплексте иш кандай жүрүп жатканын ким билсин, бирок Абибилла Тагаевдин жеке менчик “Абдыкаар-Ата” кафесинде иш жаман эмес. Дал ушул А. Тагаев ишкер болуп, колунда акча көбөйгөн мезгилде, бир тууган абасы Абдыжапар Тагаев областты жана республиканы башкарып турган мезгилде мыйзамды да, адеп-ахлакты да көзгө илбей, шаар тарыхында биринчилерден болуп шаардыктардын ары-бери өтө турган тротуарын, муниципалдык менчикти ээлеп, кафесинин аянтын кеңейтип алганы да коомчулукка белгилүү.
Деген менен, шаарды жаңыртуу зарылдыгы менен көчөлөрдү кеңейтүү үчүн бир тууганы, шаар мэри Мураталы Тагаев жол боюндагы бирөөлөрдүн жеке менчик курулмаларын буздуруп, ага бюджеттен компенсацияларды берип жатат. Бирок, шаардын дал ортосундагы бир тууганынын кафеси ээлеп алган тротуар тууралуу ойлонбойт да, адилеттик үчүн элдикин элге кайтарып берүүгө аракет да кылбайт. Себеби ал бир тууганынын менчиги, жаттыкы эмес.
Эми бир тууганы шаар мэри болгон соң, шаар мекемелеринин техникалык каражаттарын да жеке менчигине кеңири пайдаланса боло берет окшойт. А. Тагаев өзүнүн кафесинин айрым жерлерин оңдоп-түзөтүүгө шаардык Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин 2144 DA мамлекеттик номерлүү автокранын 4-5 саат бою пайдаланганын шаардыктар көрдү. Ал эми бул унаанын ээси болгон мекеменин жетекчиси бул тууралуу эчтеке билбейт экен, демек, макулдашылбаган. Бул жагы кандай болду? Жолдон кармап алып эле иштете береби?
Албетте, муниципалдык менчикти жеке ишкер жеке менчигине, жеке кызыкчылыгына пайдаланганы канчалык мыйзамдуу же мыйзамдуу эмес, аны тийиштүү органдар териштиришер. Анан да тротуарды, муниципалдык менчикти ээлеп алышы боюнча маселени да тийиштүү органдар карап көрүшөр. Бирок, бир тууганы шаар мэри болсо, бюджеттен каржылануучу, шаар бийлигине отчёт берүүчү мекемеге кесиби таптакыр туура келбесе да бир тууганынын буйругу менен жетекчи болуп барып калышы канчалык мыйзамдуу экени ого бетер кызык. Бул жерде кызыкчылыктар конфликтиси жокпу? Ушул тууралуу мыйзамдын талаптарына туура келеби? Албетте жок. Анда тийиштүү бийлик органдары, прокуратура неге карабайт?
Кыргыз Республикасынын президенттик аппараты, Кыргыз өкмөтү, депутаттар, прокуратура органдары ушул маселелерди бир карап кюшпайбы?