Он миллион сомго оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн “Кербен” аэропорту дагы эле ишке берүүгө даяр эмес. Алгач үстүбүздөгү жылдын май айында иштей баштаары айтылганы менен ремонт иштери кечикти. Андан соң август айында аэропорттун ачылышына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү катышкан. Салтанаттуу ачылышы болгону менен пайдалагууга толук даяр болбогону эми билинип калды.
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Кербен» аэропортун ишке киргизүү тууралуу» токтомунун аткарылышы талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымат таркатты.
Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевдин берген маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө аэропорттун имаратын оӊдоп-түзөө толугу менен жыйынтыкталып, тиешелүү аэронавигациялык жабдуулар алынган. Тийиштүү сертификат да берилген.
-Аэропорттун инфратүзүмү учуп-конуу тилкесинен башкасы белгиленген эрежелерге ылайык келет. Тилкеден кеткен жаракалар мастика чайыры менен бүтөлүп, герметизацияланышы керек. Биз бул эреже бузуулар четтетилиши керек деген шарт менен сертификат бергенбиз,- дейт К.Акышев.
Талкуу учурунда депутат Сайдолимжон Жураев аталган агенттиктин мындай чечимине таӊ калганын билдирди.
-Алгач эскертүү берип, андан кийин бузулган эрежелер ордуна келтирилген соӊ пайдаланууга жарактуу деген сертификат берилиши керек,- дейт ал.
Депутат Калдарбек Баймуратов болсо, тиешелүү аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнөн «Кербен» авиакаттамыкачаништепбаштаарынакызыкты. Баяндамачылартилкениоӊдоп-түзөөбираптадайубакыталаарын, ал эмиавиакаттамжүргүзүүчечиминавиакомпаниялардынөздөрүкабылалышаарынбелгилешти.
епутат Алтынбек Жунус уулу объектинин курулушун учуп-конуу тилкесиндеги ремонт иштериненуламсоздуктуруугажолберилбешикеректигинетоктолду.
-Бул «Манас» аэропортунун жетекчилигинин канааттандыралыкэмесишининачыкмисалы. Ишкепринципиалдуумамилекылууменентилкедеги ремонт иштеринбираптаичиндебүтүрүпкойсо болот. Элдинсуроо-талабын ар дайымэсибизденчыгарбашыбыз зарыл. Аксы, Ала-Бука жанаЧаткалрайондорунун, Таш-Көмүршаарынын эли булаэропорттуништешинчыдамсыздык менен күтүп жатат,- деди депутат. Ошондой эле А.Жунус уулу иш дагы да кечеӊдей турган болсо, аэропорттун жетекчилигинин жоопкерчилигин кароону сунуш кылды.
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетининин төрайымынын орун басары Алмазбек Эргешов «Кербен» аэропортунун ишке кирбей турушу авиация тармагын өнүктүрүү саясатына жооптуу болгон Транспорт жана жол министрлигинин кайдыгер мамилесинен улам болуп жатканын айтты.
-КР премьер-министри өзү барып, «Кербен» аэропотунун ачылышына катышкан. Бул тууралуу бир канча күн телеканалдарда жаӊылыктар берилген. Элде бул аэропрттон самолеттор учуп, каттам жүргүзүлүп жатат деген түшүнүк калган, -деди ал.
Талкуудан кийин комитет мүчөлөрү берилген маалыматты эске алуу менен тиешелүү министрлик менен мекемелерге «Кербен» аэропортун пайдаланууга берүүнү ыкчамдатууну тапшырышты.