Саудия Арабстаны нефть экспортунан эбегейсиз байып келсе, эми туризм тармагынан да көп киреше алгысы келет. Ошондуктан виза режимин киргизип, ага ылайык өлкөгө теристтердин келишин шарттай турган болду. Келген саякатчыларга да кыйла жеңилдиктер каралмакчы. Бул тууралуу “Лента.ру” жазып чыкты.
Эми чет жактан келген саякатчы айымдар башын кездеме менен чулгабай эле койсо болот, ал эми никеси жок жуптар деле мейманканаларда чогуу жатып алганга уруксат бар. Бирок, айымдар пляждарда өтө эле ачылып кетпеши керек, денесин мүмкүн болушунча жапканы дурус.
Деген менен, Саудия Арабстаны дүйнө боюнча нефтинин кору көп өлкө саналат, ал эми нефти казып алуу боюнча биринчи-экинчи орундарды ээлейт. Нефтинин экспорту жалпы кирешенин 75 пайызын берет. Ошол эле кезде өлкөдөгү элдин саны 33 миллиондун тегерегинде. Ушул жагынан Саудиянын башкаруучулары башка тармактан киреше табууну ушуга чейин ойлобой келишкен.
Бүгүнкү күндө туризмге маани берилип, бул жагынан Россияны артка калтырууда. Туризм боюнча дүйнөлүк кеңештин божомолу боюнча, Саудия Арабстанындагы ички дүң продукцияда туристтик сектордун үлүшү 2019-жылы 9,4 пайызды же 70,9 миллиард долларды чапчыйт. А л эми туризмдин Россиянын ички байлыгынындагы үлүшү 2018-жылы 3,47 пайызды же дээрлик 47 миллиард долларды түзгөн. Айырма чоң.
Белгилүү болгондой, Саудияга болгон туризм негизинен Мекке менен Мединага баруучу ажы сапарынын эсебинен көп болууда. Быйылкы жылы ажылык сапар менен ал жакка 2,5 миллион киши барган. Мынчалык көп кишини кабыл алуу үчүн Мекке менен Мадинага жакын Жидда шаарында Король Абдулазиз аэропорту курулган. Ал бир эле убакта 80 миң кишини кабыл алууга жөндөмдүү.
Эми Саудиянын башкаруучулары диний эмес, жалпы туризмди өнүктүрүп, ошонун эсебинен көп киреше табууга кызыкдар болуп атышат. Аны үчүн туристтерге либералдык шарттар жаратылат. Ал эми Мекке менен Мединага мурдагыдай эле мусулмандар гана киргизилмекчи, мусулман эмес кайрыдиндерге жол жок.