www.versia.kg
Суббота, Декабрь 6, 2025
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

РОССИЯ ӨНҮККӨН ӨЛКӨЛӨРДӨН ЖҮЗ ЖЫЛ АРТТА

16.12.2019
0 0
0
SHARES
283
Просмотры
Бөлүшүү

Эксперттер Россия Федерациясынын дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдөн 100 жыл артта калганын белгилешти. Ошондой эле Россиянын бийликтерине жарандардын билими менен саламаттыгына көбүрөөк каражат жумшоону сунуш кылышты. Бул тууралуу MK.RU жазып чыкты.
Эксперттер айтмакчы, Россия жарандардын жыргалчылыгын камсыз кылуу жагынан өнүккөн өлкөлөрдү кууп жетиши үчүн бери болгондо 100 жыл керек болот. Мындай пикирин Дүйнөлүк банктын тутумуна кирген Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын эксперттери айтып чыгышты.
Эксперттер “Россия канчалык бай?” аттуу докладын жарыялап, анда россиялыктардын 2000-жылдан 2018-жылга чейинки мезгилдеги жашоо абалына анализ жасашкан. Докладда белгиленгендей, бул мезгил ичинде өлкө жарандарынын байлыгы 1,8 эсе көбөйгөн. Накталай мааниде алганда, жарандардын байлыгынын жалпы (бардык активдердин) көлөмү 753 триллиондон 1306 триллион рублге же 73 пайызга өскөн.
Ушул эле мезгилде россиялыктардын жан башына эсептегендеги байлыгынын өсүшү 8,9 миллион рублге (152,5 миң долларга) жеткен. Деген менен, бул өнүккөн өлкөлөрдөгү жарандардын байлыгынан россиялыктардын байлыгы 4 эсеге аз экени белгилүү. Анан калса, Россияда жарандардын жан башына эсептегендеги байлыгы дайыма эле бирдей өсүп турган эмес. Акыркы бир нече жылдарда нефтинин жана газдын дүйнөлүк баасынын арзандап кетиши, адам капиталынын өсүшүнүн токтоп калышы менен ал төмөндөп да кеткен.
Россиядагы жан башына эсептегендеги адам капиталынын өлчөмү (адамдын өмүр тапкан эмгек акысынын дисконттук өлчөмү) өнүккөн өлкөлөрдөгү ушундай өлчөмдүн бештен бирин гана түзөт.
Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын эксперттери белгилегендей, Россиядагы адам капиталынын өсүү темпи жылына 3,5 пайыз болуп турса (2000-жылдары ушундай болгон), анда өнүккөн өлкөлөрдү бул жагынан кууп жетиши үчүн 50 жыл убакыт керектелет. Ал эми «Коммерсантъ» басылмасынын белгилешинче, бул көрсөткүч 2010-2017-жылдардагыдай 1,8 эсеге өсүп отурса, анда өнүккөн өлкөлөргө жетиш үчүн 100 жылдай убакыт керек болот.
Докладда эксперттер россиялык бийликтерге адам капиталын билим берүү жана саламаттыкты сактоо системасын жакшыртуу аркылуу өнүктүрүү жагынан кеңеш беришкен.

Мурдагы пост

ЖАЛАЛ-АБАД: ТЕРГӨӨ АБАГЫ ЖОК, ЖАРАНДАРДЫН УКУКТАРЫ БУЗУЛУУДА

Кийинки пост

АРЗАН ЭНЕРГИЯ АРКЫЛУУ ИРРИГАЦИЯНЫ ЖАКШЫРТСА БОЛОТ

Кийинки пост

АРЗАН ЭНЕРГИЯ АРКЫЛУУ ИРРИГАЦИЯНЫ ЖАКШЫРТСА БОЛОТ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In