Кыргыз Республикасынын аймагында cуу чарба тармагына караштуу 5,5 миң километр чарбалар аралык каналдар, 3 миңге жакын гидропосттор, 1176 чакырым коллектордук дренаждык тармактар, 33 cуу сактагычтар, 107 насостук чордондор жана 50 суткалык жөнгө салуу бассейиндери бар. Бул өзүнчө эле ири тармак жана өлкөнүн экономикасы үчүн өтө маанилүү чөйрө. Ал эми сугат иштерин жакшыртуу, ирригация тармагын өнүктүрүү жана жөнгө салуу аркылуу айыл чарбасынын натыйжалуулугун арттыруу максатында тээ 2011 жылдын 16-майындагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн кезектеги отурумунда 2011-2015-жылдарга сугат боюнча 5 жылдык программа кабыл алынган. Ал программа 22 ирригациялык объектини өз ичине камтыган болчу. Бул программаны ишке ашыруу үчүн бюджеттен 4 миллиард 900 миллион сом акча каражаты ажыратылган. Бул программанын алкагында 13 миң гектар сугат жерлери жаңыдан өздөштүрүлүп, 21 миң гектар жерге сугат cyy берүү жакшыртылмакчы болгон. Бирок, ирригация системасында жогоруда көрсөтүлгөндөй чоң иштер жаслып жатканы менен деле Кыргыз Республикасынын аймагында дагы канча миңдеген гектар жерлер сугат суунун жоктугунан пайдаланылбай, экономикалык өсүүгө эч кандай пайдасы тийбей жатканы өкүнүчтүү. Биздеги айыл чарбасынын кескин жакшырышына ошол сугат аянттарынын жетишсиздиги кедергисин тийгизип келет.сугатка муктаж миңдеген гектер аянттардын жанынан шаркырап агып чоң дарыялар, суулар өтөт. Мисалы, Таш-Көмүр шаарынын жанынан өлкөдөгү эң чоң дарыя – Нарын агып өтсө да шаар ичүүгө жарактуу таза сууга муктаж. Анын сыңарындай Нарын суусунун боюндагы далай айыл чарба жерлери да сугат сууга муктаж болуп келет. Албетте, илимпоздор да мындай көйгөйгө өз кезегинде көңул буруп келишет. Айталы, биздин «Энергоресурстары жана геоэкология» институтун илимий кызматчыларынын изилдөөлөрүнүн негизинде Кыргызстандын түштүк аймагындагы миңдеген гектар жерлерге ошол аймактагы агып өткөн дарыя-суулардын өзүнөн алынган энергияны пайдалануу менен сугат сууну чыгарып, аны кеңири пайдаланууга болорлугу аныкталган. Чынында эле айрым аймактагы агып өткөн суулар ылдый жакта жайгашып, аны жогору жакка электр энергиясын пайдалануу менен чыгарышат. Суу насостору тынымсыз иштеп туруу үчүн электр энергиясы керек, анын акысын төлөө жергиликтүү бийликтерге, дыйкандарга оор келип калат. Ошонун натыйжасында айдоо аянттары суусуз калып, дыйканчалыктын кирешелүүлүгү төмөндөйт. Сөз кургак болбосун үчүн конкреттүү мисалдарды карап көрөлү. Мына, Токтогул районундагы Узун-Акмат суусу ошол аймакта жайгашкан эки айыл өкмөтүнүн эч болбосо 1 гектар жерин сугарбай агып өтүп кетет. Убагында суу тартып чыгаруу үчүн суу насос түйүндөрү иштеген жана анын жардамы менен бир топ аянттагы айыл чарба өсүмдүктөрү суу ичип турган. Бирок, бара-бара электр энергиясы төлөө кыйындап, техникалык жабдуулардын, алардын тетиктерин камсыз кылуунун кымбаттыгынан алар токтоп калган. Жерлер да суусуз калышты. Ушундай эле көрүнүш Ала-Бука районундагы Касан-Сай суусунун боюнда да бар. Бул Касан-Сай Өзбекстандын биздин аймакта жайгашкан суу сактагычына суу берет, бирок ошол эле жердеги Кыргызстандын Өрүктү айыл өкмөтүнүн 3500 гектар жери менен 1-Май айыл өкмөтүнүн андан да көп жерин сугаруу үчүн пайдаланылбай келет. Эмнеге? Агып өтүп жаткан суу дан пайдаланып, айыл чарбасын өнүктүрүп, дыйкандардын кирешесин арттырып, экономиканы жогорулатса болбойт беле? Албетте, ошентсе болмок. Баткен областындагы Баткен районуна караштуу Тайян айылындагы абалды да алып көрөлү. Сох суусунун боюнда, Айгүл-Таш тоосунун этегинде Теке-Секирик кысыгына чакан ГЭС куруп, ал ГЭСти электр кубатын күчтүү суу насосоторго жумшаса, алардын жардамы менен сууну тоо ашыра суусуз жаткан талааларга айдаса, сонун эле болмок. Муну илимпоздор аныктап коюшкан, эми аны ишке ашыруу гана калды. Эгер ушундай долбоор ишке аша турган болсо, Баткен областындагы өрүк бактарын, башка да мөмө берүүчү бактарды, айыл чарба эгиндерин сугарып, түшүмдүүлүктү бир нече эсе арттырып, алынуучу кирешени да көбөйтүүгө кеңири шарт жаралмак. Айыл чарбасы жалпы өнүгүп, аймактардын чыныгы өнүгүшү жүз бермек. Кана эми ошол күн келсе… Жогоруда аталган, пайдасыз эле агып өтүп кетип жаткан сууларыбызга чакан ГЭСтерди курсак, алардан алынган электр энергиясы жергиликтүү калкты, жергиликтүү өндүрүштү колдоого пайдаланылып калбай, ирригациялык ири долбоорлорду ишке ашырууга жагымдуу шарт түзөт. Миңдеген гектар айдоо аянттары суу ичип, айыл аймактары мамлекеттик дотациядан чыгышат, өзүн-өзү каржылоо жагынан эң сонун мүмкүнчүлүктөр жаралат. Мына бул өзүбүздүн эле Базар-Коргон районунун Көк-Тоңду айылынын аймагында орун алган Таш-Көрпө кысыгына чакан ГЭС куруу долбоорун карап көрөлүчү. Айтылган жердеги эки жээктин кысыгы 3,7 метрге, бийиктиги 24 метрге жетет. Бул жерге чакан ГЭС ишке кириш үчүн 24 метр бийиктиктеги плотина куруу зарыл. Аны үчүн чакан ГЭС орнотууга жай жана түтүк керек. Сууну башка нукка буруучу (деривация) тунел казуунун да кереги жок. Себеби биздин институттун кызматчыларынын чакан ГЭС курулуштарын жүргүзүү жаатындагы иштеп чыккан жаңы технологиясы бар. Ал арзан жана натыйжалуу жабдууларды курууга ылайыкташтырылган. Эгерде ошол аймакта бул чакан ГЭС курулуп калса, ал жактагы эки чоң айылдын эли да, суусу жаткан жери сууга маарып, арзан электр энергиянын эсебинен ошол айланадагы токойлор да сакталат. Ошентип, ошол аймактагы экологиялык кризистердин алдын алууга да жакшы мүмкүнчүлүк пайда болот. Андан башка да, ГЭСтин плотинасынын жардамында пайда болгон суу сактагычта балык чарбасын өздөштүрсө, адамдын ден соолугу үчүн керек болуучу балык тамактары элге жетиштүү болуп калмак. Андан ары ал жакта туризмди да кошо өнүктүрүүгө шарттар жараларын кошумчалай кетели. Бизде шар аккан, жыл бою агып турган сууларыбыз көп, андагы суулар же сугатка, же электр энергиясын алганга пайдаланылбай эле аып кетип жатат. Эгер чакан ГЭСтерди курууну колго алсак, КР өкмөтү, жергиликтүү бийликтер ушуга жетишерлик маани беришсе, аймактарыбыз да, жалпы мамлекетибиз да чоң утушка ээ болмок. Инвестицияны, каржы булактарын ушул жакка тартып, аймактардын өнүгүшүн реалдуу колго алганга убакыт келди.
Абдисатар ДОСБАЕВ, Жалал-Абад илимий борборунун координатору, КР Улуттук Илимдер Академиясынын эмгек сиңирген кызматкери.