“Росинбанк” ачык акционердик коому эми өзүнүң аталышын өзгөртөт, анткени анын башкы акционери эсептелген Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы (КРУБ) ребрединг маселесин кароо менен ушуга ниеттенип жатат. Бул тууралуу КРУБнын төрагасы Толкунбек Аьдыгуловго шилтеме берүү менен economist.kg сайты жазып чыкты.
КРУБнын жетекчисинин айтымында, бул маселе боюнча иш жүрүп жатат жана акыркы чечим “Росинбанктын” директорлор кеңеши менен башкармасы тарабынан кабыл алынат.
Буга чейин КРУБ аталган банкты реабилитациялоо иштерин жүргүзүп келди. Бул багытта банктын уставдык капиталы 3 миллиарддан 4,5 миллиард сомго чейин көбөйтүлүп, КРУБнын инфраструктураларды кредиттөөчү атайын банкына айланмакчы. Капитализация процессинен кийин КРУБнын “Росинбанк” ААКтагы үлүшү 95 пайызды түзөт.
Каржылык абалы реабилитацияланган “Росинбанк” мындай адистештирүүдөн кийин калкка банктык жана каржылык кызмат көрсөтүүсүн жакшыртат. Банк тарабынан аймактарда “Мамлекеттик ипотека компаниясынын” шарттарына жакындаштырып ипотека кредиттерин берүүгө 1 милилард сом жумшалмакчы.
“Росинбанктын” менеджменти кирешелүү ишмердикти камсыз кылгандан кийин КРУБ өзүнүн акцияларын сатуу маселесин карайт. Азыр сатуунун ар кандай варианттары, эл аралык фондулук биржалар аркылуу ачык сатуу жагы да каралып жатат.
Эске сала кетсек, 2018-жылдын 2-октябрынан баштап “Росинбанк” анын 71,66 пайыз акциясын алган КРУБнын көзөмөлүнө өткөн. Анткени аталган банк ликвиддик көйгөйүн чече албады жана КРУБдан алган кредиттерди кайтара алган жок. Ошентип, банк 2018-жылы ликвиддик жана салык төлөмдөрү боюнча чоң көйгөйдү жеңе албады.Ал эми бул банк илгери “Азия Универсал Банк” (АУБ) аталып, анан “Залкар банк”, кийин “Росинбанк” болуп түзүлгөн.
Дегинкисинде “Росинбанк” өлкөдөгү ири банктардын катарына кирет, бардык аймактарда анын 28 миллиалдары жана сатуу чекиттери бар. Ошондой эле банк 140 банкоматтарга, 170тен ашуун терминал жана 175 POS-терминалдарга ээ.