Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун кийип жүргөн костюмунун түсү өзгөргөнүнө байланыштуу мектептердеги педагогдорго класстарда илинип турган анын портретин алмаштыруу жагы милдеттендирилди. Эми муну мугалимдер өз чөнтөктөрүнөн жасоого мажбур. Бул тууралуу “Азаттык радиосуна” шилтеме берүү менен “Лента.Ру” сайты жазып чыкты.
Түркмөнстандын президенти эми мурдагыдай кара костюм эмес, кочкул көк костюм кие баштагандыгы себептүү Лебап вилаятында чиновниктерге, жетекчилерге, мугалимдерге анын портретин өз чөнттөктөрүнөн алмаштыруу жагы милдеттендирилди. Бул өлкө эгемендикти алгандан бери президенттердин портреттерин бат-бат алмаштырып туруу иши өзүнчө эле салтка айланып кеткен. Ал эми президенттин быйылкы портрети мурдагысынан азыноолак эле, кийимдин түсү боюнча гана айырмаланат.
“Жаңы сүрөтүндө президенттин костюмунун түсү кочкул көк болуп турат. Болгону ошо. Ал эми 2021-жылдагы портретте костюму коюу кара түстө эле. Азыр кочкул көк түстөгү сүрөт, — деп айткан бюджеттик мекеменин бир кызматкери.
Ошону менен бирге ал кызматкердин айтымында, өлкөнүн бардык дүкөндөрүндөгү сатылып жаткан Бердымухамедовдун расмий бекитилген портретинин баасы ал салынган рамкасы менен кошо 100 манат (дээрлик 2100 рубль), рамкасыз баасы – 60 манат (1200 рубль) турат. Акчасын үнөмдөп калгысы келген мугалимдер менен чиновниктер президенттин сүрөтүн эски рамкага салып жатышыптыр.
Басылмалар билдиришкендей, вилаяттын жетекчилери президент Бурдымухамедовдун портреттерин алмаштыруу ишин 15-январга чейин аяктоону талап кылышууда. Анан калса, ири ишканалардын маңдайындагы чоң өлчөмдөгү портреттер да алмаштырылмакчы. Алардын баасы кеминде 150 манат (3200 рубль) турат.
Буга чейин президент Гурбангулы Бердымухамедов эл ичинде “Тозоктун дарбазасы” деген ат менен белгилүү “Дарваза” газ кратерин жабууну буйруган. Ал кратерде көп жылдан бери газ күйүп жатышы экономика үчүн пайдалуу эместигин, аны үнөмдөп, экспортко жөнөтсө болорлугун айткан. Анан калса, кратерде газдын күйүп турушу айланадагы жашаган кишилердин ден соолугуна, экологияга зыяндуу экенин белгилеген.