»Team Insane Pakistan» пакистандык хакердик тайпа быйыл 22-майда Кыргызстандын 600 000 жаранынын жана жергиликтүү компаниялардын өздүк маалыматтарын ачыктап жарыялаганын билдирип чыккан. Ачыкка чыгып кеткен маалыматтар жеке өздүк маалыматтар болуп, анда туулган дата, улуттук идентификациялык номерлер жана үй даректери камтылган эле. Бул, албетте, кыргыз өкмөтүнүн, коомчулуктун тынчсыздануусун пайда кылды.
Хакердик тайпа бул жасалган аракет Кыргызстандын башкалаасындагы 17-18-май күндөрү жүз берген башаламандыктарга жооп болгонун жашырган жок. Ал күндөрү бир катар пакистандык жана башка өлкөдөн келишкен студенттерине жергиликтүүлөрдүн кол салуулар болгон эле. Ал эми буга 13 май күнү кыргыз жана египеттик студент-медиктердин ортосундагы мушташуулар тартылган видеонун тарап кетиши себеп болгон.
»Team Insane Pakistan» хакердик тайпасынан башка да Silent Cyber Force жана Golden Don сыяктуу хакердик тайпалар Кыргызстандын мамлекеттик жана жеке менчик секторундагы маанилүү системаларга чабуул жасашканы тууралуу билдиришкен. Пакистандык хакерлердин чабуулунун максаты өкмөттүн иш ыргагын бузуу гана эмес, өлкөнүн жана чет элдик жарандарынын кызыкчылыгына төп келген негизги тейлөө жаатына да коркунуч келтирүү эле.
Бул хакердик чабуул тууралуу Кыргызстандын массалык маалымат каражаттары жана ошондой эле Х (мурдагы Twitter), Facebook, Telegram социалдык тармактарда жана башка платформаларда кеңири чагылдырылды. Деген менен, эл аралык чатактын алдын алган болушуп, пакистандык массалык маалымат таркатуу каржаттары бул инцидентти чагылдыруудан оолак болушту. Мурдатан пакистандык хакерлердин негизги бутасы Индия болуп келген жана бул хакердик тайпалар пакистандык коопсуздук күчтөрүнүн киберчөйрөдөгү таасиринин кеңейишине да кызмат кылып келишкен.
Пакистандык хакердик тайпа өздөрүнүн социалдык тармактарында «gov.kg» доменине тиешелүү сайттарга жана Кыргызстандын Жогорку сотунун сайтына жасаган чабуулду өз жоопкерчилигине алган билдирүүлөрдү тараткан. Такталбаган, “анонимдүү” авторго таандык билдирүүдө бул тайпа: “Бул маалыматтар базасы ачык Интернетте кол жеткис. Биз gov.kg сайтынын поддоменин буздук, 600 миңден ашуун кыргызстандыктын маалыматтарын алуу максатында структуралаштырылган суроо-талаптар боюнча аялуу жерин (SQL) пайдаландык. Бул кишилер биздин пакистандык туугандарыбызга каршы турушту. Эгер алар чабуулдарын токтотушпаса, биз дагы да көп маалыматтарды жарыялайбыз. Бардык gov.kg сайттары алсыз” деп билдирген.
Андан тышкары, Пакистандагы Silent Cyber Force хакердик тайпасы чет элдик студенттерге болгон зомбулукту айыптаган жана “Кыргызстандын өкмөттүк веб-сайттарын жана үлкөн тармактарды өчүрүү” ниетин көрсөткөн «Салам, дүйнөнүн жарандары» деп аталган билдирүүсүн жарыялаган. Бул хакердик тайпалар Бишкектеги инцидентти өздөрүн рекламалоо жана Пакистандын тургундарынын жана чет элдик студенттердин сүймөнчүгүнө ээ болуу менен өздөрүнүн ыплас иштерин актоо үчүн пайдаланышты.
Бирок, кызык жери, бул коркутууларга жана коркунучтарга карабастан Кыргызстандагы максаттуу расмий сайттар кадимкисиндей эле иштеп турушту. Мунун өзү пакистандык хакерлердин реалдуу мүмкүнчүлүктөрү же алардын коркутууларын ишке ашыруудагы потенциалдуу тактикалык алсыздыктар жаатында суроолорду пайда кылды. Кыргызстандагы жергиликтүү булактар бул ачыкка чыккан маалыматтар Интернетте 2020-жылы эле жарыяланганын такташып, пакистандык киберчабуулдун масштабы жагынан да күмөн жаратты.
Кыргызстандын байланыш операторлорунун бирикмесинин аткаруучу директору жергиликтүү массалык маалымат каражатына: “Бул хакерлер ажиотаждын толкунунда пакистандык студенттер менен болгон окуяларга байланыштуу ушундай билдирүүлөрдү жасашты. Ызы-чуудан пайдаланып, алар хакердик тайпасын көрсөтүп алышты” – деп билдирди. Кыргызстандын жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги бул чабуулдар боюнча “Кыргызстандын жарандарынын жарыяланган 600 миң жеке маалыматтары салык кызматынан 2020-жылы чыгып кеткен маалыматтар менен окшош” – деп жар салды. Андан тышкары, мамагенттиктин билдирүүсүндө алар иликтөө жүргүзүшкөнү, натыйжада мамлекеттик органдардын маалымат системаларынан маалыматтар чыгып кетпегени такталганы айтылат.
Анан калса, Кыргызстандын санарип министрлиги бул инцидент боюнча ведомство аярлуу учурларды жана санкцияланбаган кирүүлөрдү болтурбоо үчүн маалымат активдерин дайыма көзөмөлдөп турарын жана 22-майда бардык мамлекеттик маалымат системалары “кадимки режимде иштешкени” тууралуу билдирген. “Азаттык” басылмасынын журналисттери хакерлер жарыялаган маалыматтар базасын иликтеп көрүү менен анда эскирген маалыматтарды жана Кыргызстандын жарандары боюнча актуалдуу маалыматтарды да байкашкан. Атап айтканда, маалыматтар базасына даректер менен кошо Кыргыз Республикасынын жарандарынын салык төлөөчүнүн индентификациялык номерлери (ИНН) кошулуп калган.
Пакистандык хакердик тайпалар жана алардын эл аралык синдикаттары ар кандай мыйзамасыз аракеттери, киберчөйрөдөгү каржылык махинациялары үчүн да айыпталып келишет. Мисалы, 2016-жылы Пакистандын жараны Мухаммад Сохаил Касмани Кошма Штаттарында 19,6 миллион АКШ доллары өлчөмүндө акчанын изин жашырганын мойнуна алган. Бул кылмыштуу схеманы Пакистандын дагы бир жараны Нур Азиз жетектеген. Бул ишке байланыштуу эпизод Пакистан жана анын саясатчылары үчүн эл аралык бир катар кыйынчылыктарды алып келген. Мындан тышкары, пакистандык хакерлер башка да мыйзамсыз аракеттерге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, курал-жарактарды сатуу, Пакистандын жана чет элдик жарандардын уурдалган жеке маалыматтарын соодалоо сыяктуу иштерге катышып келишет.
Пакистандын өкмөтү 2016-жылы Электрондук кылмыштарды болтурбоо жөнүндөгү мыйзам кабыл алынганына карабастан мындай мыйзамсыз аракеттерди көзөмөлдөй албай келет. Кибераналитиктердин баамында, жакында эле жүз берген Кыргызстандагы киберэпизод пакистандык хакердик тайпалар алдамчылык жолуна түшкөнүнө анык мисал болуп турат. Бул тайпалар уурдалган маанилүү маалыматтарды, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын даркнеттеги жеке маалыматтарын сатышы, ал маалыматтар мыйзамсыз максаттарга пайдаланылып, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтириши ыктымал. Кыргызстандыктардын маалымат базасын уурдоо инциденти пакистандык студенттер көп окуган Түркия, Улуубритания, Австралия жана башка өлкөлөрдө да тынчсызданууну пайда кылышы мүмкүн.
Эркинбек КАМАЛОВ.