www.versia.kg
Четверг, Июль 17, 2025
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ЭКСПОРТ: ДЭЭРЛИК ЖАРЫМ МИЛЛИАРД ДОЛЛАР КИРЕШЕ

15.06.2024
0 0
0
SHARES
162
Просмотры
Бөлүшүү

Түркиянын багбандары быйылкы биринчи кварталда дүйнөнүн 124 өлкөсүнө жана эркин экономикалык аймактарга 118 миң 738 тонна кургатылган жемиштерди жана башка өнүмдөрдү экспорттоо менен 497 миллион 639 миң доллар киреше табышты. Багбандар муну менен өз кирешелерин арттырып гана калбай, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу киреше көлөмүн 29,9 пайызга жогорулатышты. Өткөн жылы бул мезгилде алар 383 миллион 124 миң доллар киреше алышкан эле. Бул тууралуу Bazaar Times басылмасы Түштүк-Чыгыш Анатолия (GAİB) экспорттёрлор бирикмесине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Алынган маалыматтарга караганда, экспорттун курамында уруксуз жүзүмдөрдүн көлөмү көп болгон. Ошого жараша андан алынган кирешенин бөлүгү да арбын – 133 миллион 284 миң доллар. Андан кийинки орунда 114 миллион 450 миң доллар киреше берген өрүк кагы, үчүнчү орунда 86 миллион 420 миң доллар кирешеси менен кургатылган анжир турат.

Газиантепа аймагынын мисте өндүрүүчүлөрү да быйыл кирешеге маарып турган чагы. Анткени быйылкы биринчи кварталда алар экспорттон 74 миллион 54 миң доллар киреше табышты. Деген менен, өткөн жылдын биринчи кварталында алар 24 миллион 251 миң доллар киреше алышкан болчу.

Туркия багбандарынын өнүм экспорттоочу негизги багыты – Европа. Түркиялыктар бул аймакка 192 миллион 378 миң доллар көлөмүндө өнүм экспорттошуп, европанын рыногун өз кызыкчылыктарында бекем кармап турушат. Кургатылган жемиштин экспортунун негизги көлөмүн Германияга жөнөтүштү – анын көлөмү 61 миллион 596 миң долларды түзөт. Андан кийинки эле багыт – АКШ, ал жакка 48 миллион 402 миң доллар көлөмүндө экспорт жасалды. Кийинки орундарда 45 миллион 661 миң долларлык көлөм менен Улуубритания, 30 миллион 484 миң доллар менен Франция багыты бар.

Булак: east—fruit.com.

Мурдагы пост

ПАКИСТАНДЫК КИБЕРКОРКУНУЧ. АЛ КАНЧАЛЫК РЕАЛДУУ?

Кийинки пост

ЧАБАХАР ПОРТУ ИНДИЯ ЖАНА БОРБОР АЗИЯ ҮЧҮН КАНЧАЛЫК МААНИЛҮҮ?

Кийинки пост
ЧАБАХАР ПОРТУ ИНДИЯ ЖАНА БОРБОР АЗИЯ ҮЧҮН КАНЧАЛЫК МААНИЛҮҮ?

ЧАБАХАР ПОРТУ ИНДИЯ ЖАНА БОРБОР АЗИЯ ҮЧҮН КАНЧАЛЫК МААНИЛҮҮ?

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In