www.versia.kg
Четверг, Июнь 12, 2025
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ВЕНГЕР, КЫРГЫЗ ГИЛАСЫНА ЭШИК АЧЫЛДЫ

28.05.2024
0 0
0
SHARES
192
Просмотры
Бөлүшүү

Кытай эми быйылкы гилас түшүмүн импорттоо үчүн Венгрия менен Кыргызстанга эшик ачты. Кытайдын Бажы башкы башкармалыгынын (GAC) уруксаты менен Венгрия тиешелүү эрежелерди сактоо аркылуу быйылкы гилас түшүмүн экспорттоого уруксат алды. Бул тууралуу  FreshPlaza жазып чыкты.

Деген менен, акыркы жылдары гиластын жаңы түшүмүн импорттоо жаатында Кытайдын керектөөлөрү өсүп баратат, эми венгриялык жана кыргызстандык багбандарда бул рыноктон пайдалануу мүмкүнчүлүгү турат. Алсак, 2022-жылы Кытайга болгон гиластын импорту 348 миң 100 тоннаны түзгөн. Бул дүйнөлүк рынокто Кытайдын ордун өзгөчө көрсөтүүчү нерсе катары бааланат, себеби бул өлкөнүн гилас рыногунун көлөмү дүйнөлүк рыноктун көлөмүнүн 22,7 пайызына туура келет. Эми Чили, АКШ, Канада, Австралия, Жаңы Зеландия жана Аргентина сыяктуу туруктуу 11 экспорттоочулардын катарында Венгрия да бул рыноктон пайдаланмакчы.

Кыргызстан да Кытайга гилас экспорттоочулардын катарында турат. Бул боюнча Кыргызстандын Суу, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде гилас өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар менен жолугушуу болуп, экспорттук маанилүү маселелер талкууланган. Мисалы, түшүмдү өндүрүү, зыянкечтерден жана ылаңдардан сактоо, сатууга даярдоо, сорттоо, ташуу боюнча талаптарга ылайык баарлашуу жүргөн. Быйылкы жылы Кыргызстан Кытайга гиластын 10 миң тонна жаңы түшүмүн экспорттой алат.

Булак: east-fruit.com

Мурдагы пост

КЫРГЫЗСТАН-ИНДИЯ БАЙЛАНЫШЫ: ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР, ПЕРСПЕКТИВАЛАР

Кийинки пост

ПАКИСТАНДЫК КИБЕРКОРКУНУЧ. АЛ КАНЧАЛЫК РЕАЛДУУ?

Кийинки пост
ПАКИСТАНДЫК КИБЕРКОРКУНУЧ. АЛ КАНЧАЛЫК РЕАЛДУУ?

ПАКИСТАНДЫК КИБЕРКОРКУНУЧ. АЛ КАНЧАЛЫК РЕАЛДУУ?

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In