Азыркы учурда Ооганстандагы баңгилер (наркомандар) саны 3,5 миллионго жетет. Бул өлкөнүн 39 миллион калкынын 9 пайызын түзөт. Мындай маалыматты “Талибан” кыймылы тарабынан кызматка коюлган Ооганстандын саламаттыкты сактоо министри Абдул Бари Омар Кабулдагы басма сөз жыйынында расмий билдиргенин kun.uz интернет басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Абдул Бари Омардын “Өлкөдө 3,5 миллион киши баңгизаттан көз каранды. Алардын ар бири күн сайын 3 долларга тете суммадагы баңгизатты кабыл алып турушат” – деген сөзүн жергиликтүү Tolo News Tolo News телеканалы таркаткан.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматтары боюнча, 2020-жылы Ооганстандагы апийимди мыйзамсыз өстүрүүгө пайдаланылып жаткан жер аянттары мурдагы жылга караганда 37 пайызга көбөйгөн жана өлкөнүн тарыхындагы үчүнчү рекорддук сан эсептелет. Ошол 2020-жылдын жыйынтыгы менен Ооганстанда өндүрүлгөн апийимдин жалпы өлчөмү дүйнө боюнча өндүрүлгөн баңгизаттын 85 пайызын түзгөн жана өлкөнүн дүң продукциясынын 6-11 пайызына жеткен. Бул эл аралык уюмдун баамында, ошол кезде баңгизаттан көз каранды кишилер саны 2,4 миллион болгон.
Ал эми Бириккен Улуттар Уюму билдиргендей, быйылкы жылы Ооганстанда апийим өндүрүү 8 пайызга өсүп, анын көлөмү 6,8 миң тоннага жетти. БУУнун Баңгизатка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын маалыматында, мындай өсүш дүйнөгө 320 тонна таза героин таркайт дегенди билдирет. Ошондой эле быйылкы жылы апийимдин өндүрүшүнөн түшкөн пайда 1,8ден 2,7 миллиард долларга чейин бааланат. Аны чет жакка сатуудан да көп киреше түшөрү күтүлүүдө. Ооганстандагы саясий туруксуздук апийимдин баасына таасир этип, май айындагы баасы жыл аягына чейин эки эсе көтөрүлүп кеткен.
Талибдер бийликти кармап турган 1996-2001-жылдары Ооганстандын өкмөтүнүн башкы киреше булагы баңгизат өндүрүү жана аны аткезчилик аркылуу сатуу болгон. Талибдер өлкөнүн Баңгизатка каршы жогорку комиссиясын түзгөнү менен иш жүзүндө дүйнөдөгү апийим өндүрүүнүн 96 пайызы алар башкарган Афганистанга туура келген.
Эске салат кетсек, Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизаттар Европага Иран, Борбордук Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан аркылуу өтөт.