www.versia.kg
Пятница, Июль 1, 2022
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫНЫН ЭКИНЧИ АЯЛЫ

04.01.2022
0 0
0
SHARES
359
Просмотры
Бөлүшүү

Өзбекстанда “Министрдин орун басарынын экинчи аялы” (“Вторая жена замминистра”) аталышындагы жоопкерчилиги чектелген коом катталган. Бул коомчулукка социалдык тармактар аркылуу белгилүү болгонун, бул фирманын жетекчиси актриса Мадина Эшонкулова экенин, анан да бул факты өлкөнүн Мамлекеттик статистика комитетинин сайтындагы расмий маалымат менен тастыкталган kun.uz интернет басылмасы жазып чыкты.

Алынган маалыматка караганда, буга чейин аталган актриса жана анын иниси ички иштер органдарынын кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, жаңжал чыгарышкан. Тактап айтканда, өткөн жылы 30-июль күнү атайын рейд учурунда Жол-патрулдук көзөмөл кызматынын инспектору Nexia-3 маркасындагы унааны токтотууга аракет кылган, бирок айдоочу аны тоотпой, жол кыймылын уланта берген. Жол-патрулдук көзөмөл кызматынын инспекторлор унааны кууп барып, токтотушкан жана тийиштүү документтерди көрсөтүүнү талап кылышкан. Бирок, айдоочу айым Э.М. техпаспорттон башка документтерин көрсөтө алган эмес. Тескерисинче, “Мен министрдин орун басарынын экинчи аялымын. Азыр телефон чалам, карап турасыңар” – деп, кызматкерлерге моюн бербей, иниси Э.У. экөө жаңжал чыгарышкан.

Кызматтын инспекторлору административдик протокол түзүшкөн жана айдоочунун өздүгүн такташкан. Чынында ал 25 жаштагы айым эч бир министрдин орун басарына тийиштүү эместиги жана ал актриса Мадина Эшонкулова экенин такталган.

Өзбекстандын Мамлекеттик кызмат көрсөтүү агенттигинин билдиришинче, “Ишкердик ишмердиктин эркиндигине кепилдиктер жөнүндө” мыйзамга ылайык, фирмалык аталыштар мамлекеттин расмий аталышын, өлкөдөгү тарыхый инсандардын ысымын, коомчулукту адаштыруучу калп, адеп-ахлакка туура келбеген аталыштарды алып жүрбөшү керек.

Мурдагы пост

ООГАНСТАНДА 3,5 МИЛЛИОН БАҢГИ БАР

Кийинки пост

МАДАНИЯТ ТЕХНИКУМУНУН ДИРЕКТОРУ КЫЗМАТТАН АЛЫНДЫ

Кийинки пост
МАДАНИЯТ ТЕХНИКУМУНУН ДИРЕКТОРУ КЫЗМАТТАН АЛЫНДЫ

МАДАНИЯТ ТЕХНИКУМУНУН ДИРЕКТОРУ КЫЗМАТТАН АЛЫНДЫ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In