www.versia.kg
Понедельник, Февраль 9, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

НООКЕН: ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУНА ЧОГУЛГАН 120 МИЛЛИОН СОМ КАЙДА КЕТТИ?

18.11.2019
0 0
0
SHARES
211
Просмотры
Бөлүшүү

Жалал-Абадда областык өнүктүрүү фондунан тышкары райондордон бир гана Ноокен районунда өнүктүрүү фонду иштеп жатат. Ага түшкөн каражаттардын максаттуу пайдаланышы тууралуу район акими Эркин Маматев маалымат берди.
-Ноокен райондук өнүктүрүү фонду 2017-жылдан баштап ишке киришкен, ага 2018-жылы 77 миллион сомдон ашык акча түшкөн. Ал эми 2019-жылдын 6 айында 41 миллион сомдон ашык акча түштү. Эки жылда жалпы 21 долбоор каралган. Райондук мамлекеттик администрация түзгөн байкоочу кеңеш тарабынан айыл жерлериндеги эң зарыл болгон долбоорлор тандалып алынып, каражаттар бөлүнүп берилген. Ошол 21 долбоордун ичинде спорттук аянтча, мектеп, бала бакча, жолдорду асфалттоо иштери, электр энергиясын жеткирүү иштери бар. Алардын сегизинин курулуш гана калды, калган 13 объект пайдаланууга берилди. Мисалга алсак, жакынкы күндөрү 3 бала бакча пайдаланууга берилет. Убагында мектеп курулуп, бирок спорттук залы курулбай калган мектептерге спорттук зал курулду. Мындан сырткары, республикалык бюджеттен каржыланып жана демөөрчүлөрдү тартуу жолу менен да бир топ курулуш иштери жүрүп жатат, — дейт аким Эркин Маматаев.
Эске сала кетсек, Ноокен райондук өнүктүрүү фонду өкмөттүн токтому менен ачылган. Райондо жайгашкан “Кыргызнефтегаз” ААКтын сатуудан түшкөн пайдасынын 2 пайызы менен каражат топтолот. Ал эми Ноокен районунда 8 айыл өкмөтү жана Кочкор-Ата шаары бар.

Мурдагы пост

КЕМЧИЛИК КЕТИРГЕН ЧИНОВНИКТЕРГЕ ЖАЗА БЕРИЛДИ

Кийинки пост

РЕФОРМАБЫ ЖЕ ПРОФОРМАБЫ?

Кийинки пост
РЕФОРМАБЫ ЖЕ ПРОФОРМАБЫ?

РЕФОРМАБЫ ЖЕ ПРОФОРМАБЫ?

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In