Элетте не деген керемет кишилер жашайт. Эч кандай чектен ашкан, айды чапчыган дымагы деле жок, күнүмдүк аракети менен үй-бүлөнүн кирешесин арттырып, балдарынын келечегине көбүрөөк инвестиция жасагысы келишет. Алардын аракети башка көптөгөн жарандарыбызга үлгү болорлук.
Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айылын тургуну, Рават жайлоосунда уй саап, киреше арттырган Назгүл Керимкулованын бир күндүк жашоосу эле канчалык. Ошол жайлоодогу ар бир күндүк жашоосун, кыздары үчүн баарына даяр эне, күчтүү жар экенин ушул сүрөт баяндан көрүңүз.
Жашоодо жашоо-тирилик таң заардан эле башталат. Назгүл Керимкулованын экинчи кызы Саида да апасынын жакындан жардамчысы. Ал апасына жардам бергени таңкы саат беште эле туруп, музоо салып берет. Бул бир эсе жардам, бир эсе үйрөнүү экени талашсыз. Элеттеги ар бир киши мал бакканды, уй сааганды билиши шарт эмеспи.
Назгүл Керимкулованын айтымында, бул жумуштун анчалык деле кыйынчылыгы жок, болгону аракет керек. Мисалы, колдо болгон 20дан ашуун уйду эки саатта кызы Калиман экөөбүз саап коюшат. Кызы Саиданын да жайлоодо атайын милдеттери бар. Назгүл айымдын уулу Жалал-Абадга окууга тапшырып кеткенден кийин, ат менен уйларды жайытына айдап келүү Калимандын жумушу болуп калган. Ал өз милдетин кадыресе аткарып келет.
Колдо болгон уйлардын сүттүүлүгү да жаман эмес экен. Албетте, уйдун канчалык көп сүт бериши аны бапестеп багуудан көз каранды эмеспи. Азырынча Назгүл айым саалган сүттүн көлөмүнө ыраазы.
“Азыр 20 уйдан 200 литрден ашуун сүт чыгат. Аны жылытып, Саида дайыма куюп берет. Эки сепаратор менен сүттү тартабыз. Сүт тартып отурганда кыздарым менен сүйлөшөм. Алар менен сырдашып, турам. Алар да курбусундай менден эч нерсе жашырышпайт.
Сүттү тартып болгончо убакыт да саат 10 болот. Ал убакта Саида очокко тамак жасап коёт. “Бизде ушундай, адегенде жумушту бүткөрөбүз, анан эртең мененки тамакка кол бошойт” – дейт Назгүл айым.
Демейде жайлоого чыкканда алар жалгыз болушпайт. Жакадан коноктор эс алууга келип турушат. Назгүл айымдын туугандары да алар жайлоого чыккан сайын келишип, эс алганча кабар алып кетишет. Мисалы, туугандарынын кызы Мадина быйыл жайлоого чыгып, эс алганча алар кол кабыш кылып жүрөт. Ал тоодон түшкөн мөл булактан суу алып, ташып берет. Мөңгүнүн суусу таптаза жана муздак.
Жайлоодо ылдый жактагыдай тамакты электр тогуна же газга бышырышпайт. Отко бышырылган тамак дайыма даамдуу жана жегиликтүү болот. Анан калса, тоо койнунда, салкын таза абада очокко от жагып, казан аскандын өзү керемет эмеспи. Жайлоодогу түшкү тамак да сонун, жегениң баары натуралдуу: сары май, каймак, чөбөгө… Кээде отко казан асып коюп, Назгүл айым кантип турмушка чыкканын, жайлоого көнгөнүн эстейт.
“Жолдошум Садыр экөөбүз бир эле жолу жолугушуп, анан ал мени алып качып кеткен. А мен болсо, окуйм деп жүргөм. Ошентип турмуш жолуна түшүп, тириликке кирдим. Бул Рават жайлоосун мурда 18 жаш кезимде көргөм. Эми болсо, бул биздин жашоонун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Жолдошума ыраазымын, ал дайыма мага жардам берип, кыйынчылыгымды колдон алып турат. Үйдө кичинекейибиз Салиханы аябай жакшы көрөт. Ал эми үчүнчү кызым Зейнеп да тек отурбайт, жайлоонун жашоосуна көнүп калган, ал козу багат. Жазда кичине козулардан алып, жайлоого чыгып кетебиз. Ал жерде сүт кеңири. Сүт менен баккан козулар күздө чоң кой болот. Сатып кирешеге киреше кошобуз. Салиха кызыбыз да дайыма козуларга сүт ташып берет, ал кичинекей козуларды жакшы көрөт. Кичине козулар да анын артынан калбай ээрчип алышат”, — Назгүл айым.
Жайлоодо да атуулдар ортосунда карым-катыш болот. Айылчылашып, бири-биринен кабар алып турушат. “Жолдошум Садырдын аты менен Кең-Кол жайлоосуна баралы деп, кошунам экөөбүз даярдандык, — дейт Назгүл айым. — Ал жерге барып, башка малчы аялдар менен баарлашып, айылдагы жаңылыктарды угуп келебиз. Жайлоодо уюлдук телефон тартпайт. Ошондуктан, мындай баарлашуулар биз үчүн пайдалуу, жаңылыктардан кабардар болуп, сүйлөшүп отуруп келебиз. Кошунам небереси менен жайлоого чыккан. Аны таштабай дайыма алып жүрөт. Аттан корккон небереси эшеке минет. Кең-Колго бир саттык жол, ал жакка барганча жол катары башка малчылардын аялдарынан да кабар алып өтөбүз”.
Рават жайлоосунун табияты да бир укмуш. Тоону түбүндө жайгашкандыктан, тез-тез жамгыр жаайт. Мөңгү дагы эле кете элек. Түштөн кийин жамгыр жаап баштады.
Жайлоодо эң биринчи отун кургак болушу керек, ансыз очокто от жага албайсың. Отунду дароо далдоого алып кирүү керек. Бул ишти Калиман эсинен чыгарбайт, дароо отунду ташып кирет. Анан жамгыр да басылат, теребел жашарып, айлана-чөйрө бир сонун болуп калат. Ал эми Саида болсо, жамгырдан кийин куруттардын бетин кайра ачып коёт. Деген менен куруттан да киреше жакшы эле түшөт. Бир киллограмм курутту 500-550 сомдон сатсаң болот. Бул үй-бүлөгө жакшы киреше берет. Ошондуктан жайлоодон буга кам көрүшөт.
“Коноктон келсем, жолдошум жылкы, койлорун караганы кетиптир. Отун жарып, кечки тамак жасайын дедим, — деп сөзүн улайт Назгүл айым. — Кеч киргенде уйлар келе баштайт. Калиман экөөбүз кайрадан уй саай баштайбыз. Анан кечке жумуштан бошобогон кыздарым тез эле уйкуга кетишет. Мен болсо көпкө ойлонуп отурам. Кыздарымдын келечеги, уулумдун окуусу жөнүндө ойлоном. Акыркы күчүм калганча кыздарымды окутам деген максатым бар. Аларга билим алышы үчүн бардык шартты түзүп берем. Жайлоого да балдарым үчүн чыгам. Жайлоодон тапкан кирешем кыздарымдын окуусуна жумашалат. Ошентип мен алган кирешемди балдарыма арнайм.
Гүлназ КАМБАРАЛИ кызы.
Бул материал “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен IDEA CA тарабынан ишке ашырылган MediaJasa долбоорунун алкагында жаралды. Бул материал акысыз көчүрүүгө, иштетүүгө жана каалаган чөйрөдө жана автордун атын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен каалаган форматта, анын ичинде коммерциялык максатта жеткиликтүү. Бул материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA жана “Сорос-Кыргызстан” Фондунун көз карашын чагылдырбайт.