www.versia.kg
Суббота, Февраль 4, 2023
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ДЫЙКАНДЫН МҮДӨӨСҮН КӨЗДӨГӨН ЖАҢЫ БАЗАР ИШТЕЙТ

14.09.2022
0 0
0
SHARES
416
Просмотры
Бөлүшүү

Эми сентябрь айынын аягында Өзбекстанда буга чейинки иштеп жаткан базарлардан кескин айырмаланган заманбап базар толук кубаттуулукта иштей баштайт. Буга чейин Ташкент шаарынын сырткы аймагындагы айланма жолдун боюна Food City базары курулуп, ишин баштаганы тууралуу кабар таркаган эле. Эми өлкөнүн фермер-дыйкандары алган түшүмүн эч кандай ортомчуларсыз эле базарга алып келип, өздөрү дүңүнөн соодалай алышат. Бул тууралуу EastFruit платформасы жазып чыкты.

Бул соода комплекси биринчи айыл чарба кластери (бир аймакта бири-бири менен кызматташуучу субъекттер тобу) катары ишин баштаган. Эми ал сентябрдын аягында толук кандуу кубаттуулукта иштеп, фермер-дыйкандардын түйшүгүн азайтат жана кирешесин арттырат. Базар Ташкент шаарындагы “Куйлюк” базарынан 3 чакырым аралыктагы 60 гектар аянтта, ишкерлер жана фермер-дыйкандар үчүн ыңгайлуу жайда жайгашкан. Эң жагымдуу жери – базар сутка бою иштеп турат.

Өзбекстандагы заманбап ири соода комплекси катары Food City соода комплексинде жакшы шарттар түзүлгөн. Айыл чарба продукцияларын жүк ташуучу жана жеңил унаалар үчүн курулган, ар бири 12 тилкеден турган 2 унаа жолу менен алып келишет, унаа тыгыны болбойт. Дүң соода комплексинин аянты 16 миң чарчы метрди түзөт. Акысыз жеңил унаа коюучу жайлары кенен, жалпысынан бир эле убакта 3500 унааны койсо болот. Жүк ташуучу унааларды коюучу жай да акысыз, бир эле убакта 400 чоң унаалар батат. Ишкерлер үчүн мейманкана да даяр. Кургак, тоңдурулган жана муздап туруучу продукциялар үчүн өзүнчө кампалар бар. Андан тышкары, ишкерлердин мүдөөсү үчүн бизнес-борборлор, банк жана башкалар жайгашкан жайлар тынымсыз иштеп турат.

Өзбекстандын бийликтери ишкерлердин заманбап мүдөөсүн эске алып, бул комплексте логистиканын Cross-Docking операциялык системасын түзүшкөн. Демек, сатылуучу продукция көптөгөн кампаларга барып, убара болбой эле дароо дүң соода жайынан орун алат жана сатыла берет. Кардарлар жаңы келген продукцияны дароо эле фермер-дыйкандан же дүң соодагеринен сатып алат. Комплексте 5 кросс-док иштеп турат жана 400 жүк унаасындагы продукция бир эле убакта тейленет. Кыскасы, сатуучу менен сатып алуучунун иши ар тараптан жеңилдетилген.

Мурдагы пост

НАЗГҮЛ АЙЫМ: “ЖАЙЛООНУН КИРЕШЕСИ - БАЛДАРЫМ ҮЧҮН”

Кийинки пост

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАШЫЛЧАЛАРЫ КАЗАКСТАНДА САТЫЛАТ

Кийинки пост
КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАШЫЛЧАЛАРЫ КАЗАКСТАНДА САТЫЛАТ

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАШЫЛЧАЛАРЫ КАЗАКСТАНДА САТЫЛАТ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In