Жалал-Абад областында быйылкы жылдын акырына чейин 8 мектеп пайдананууга берилмекчи. Ошондой эле област жалпысынан 40 бала бакчага муктаж экени аныкталып, быйылкы жылга карата муктаждык 24кө кыскарган.
Өткөн 4-ноябрь күнү Өкмөттүн Жалал-Абад обласындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагындагы эки кабаттуу 100 орундуу бала бакчанын курулушу менен таанышты.
Ошол эле кыдырууда өкмөт өкүлү област аймагындагы мектеп жана бала бакчаларга болгон муктаждыкты жоюу иштери тууралуу суроого төмөндөгүчө жооп берди.
-Област боюнча абдан муктаждык жаралган 8 мектептин курулушун бүткөрүп жатабыз. Төртөөнү окуу жылынын башында тапшырдык, төртөөнү жыл аягына чейин тапшырабыз. Ошондой эле 40 бала бакчага муктаждык бар экени аныкталган болсо, бүгүнкү күндө алардын 16сын куруп бүткөрдүк. Калктын саны көбөйгөн сайын мектеп, бала бакчаларга муктаждык өсүп жатат жана аларды чечүү үстүндө иштей беребиз.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад областында азыркуы кезде 300гө чукул бала бакча бар.