Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагында 50 орундуу иновациялык бала бакчанын курулушу башталды. Өткөн 4-ноябрь күнү Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү баш болгон жаматтын катышуусунда ага капсула салынды. Жалал-Абад областык өнүктүрүү фонду тарабынан өткөрүлгөн сынактан аталган айыл өкмөттүн ушул долбоору жеңип чыккан. Областын өнүктүрүү фондунан долбоорду ишке ашырууга 11 миллион 896 миң 712 миң сом, ал эми айыл өкмөттүн бюджетинен бир миллион сом бөлүндү. Тендерден “Тайир” жоопкерчилиги чектелген коому жеңип чыгып, учурда курулуш иштери жүрүүдө.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад областынын өнүктүрүу фонду 2018-жылы түптөлгөн. Андан бери бир канча курулуштарга, айыл чарба техникаларын сатып алууга жана капиталдык ремонтторго демөөрчүлүк кылып келе жатат.