Майлуу-Суу шаарындагы жергиликтүү жамааттар шаарды өнүктүрүү, шаардыктардын жашоосун жакшыртуу максатында чакан ГЭС куруу идеясын көтөрүп чыгышты. Эгер алардын максаты орундалса, шаарда кошумча 2ден 3,5 мегаватт/саатка чейинки электр кубаты пайда болот. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Жалал-Абад илимий борборунун “Жашыл энергетика” лабораториясынын башчысы Абдисатар Досбаев билдирди.
Кичи энергетика боюнча адис Абдисатар Досбаевдин айтымында, бул идея өз демилгелүү жергиликтүү жаматтарга гана таандык. Алар Майлуу-Суу шаарына агып келүүчү тоо суусуна чакан ГЭС куруу менен шаардагы абалды кескин жакшрытуу аракетин башташкан.
-Майлуу-Суу шаарынын жергиликтүү жамаатынан бизге чакан ГЭС куруу максаты барлыгы, бирок аны үчүн тийиштүү адистерден жардам керектиги тууралуу кат келген. Алардын айткан жерине бардык, көрүп чыгып, ал жерге чакан ГЭС курса боло турганын аныктадык. Чакан ГЭС курула турган аймак шаар пайдалануучу сууну топтогон суу кампасынан өйдө жакта жайгашыптыр. Ал жерге чейин суу Майлуу-Суу деп аталып, ал эми тоонун ичиндеги ага алып келүүчү суу Даван-Сай деп аталат экен. Даван-Сай эки жагы кууш капчыгай менен ылдый агат. Ошол суунун эки аталышы бириккен жерде тар кысык бар, ал кысыкка плотина көтөрүп, чакан ГЭС курса болот, — дейт А. Досбаев. — Ага көп чыгым деле кетпейт, анан калса тоонун эки капталы бекем болгондуктан, суу жеп кетүү, суу каптап кетүү коркунучу да жок. Азыр бул жерде суу секундасына 2 кубометрден агып жатыптыр, кышын-жайын агат экен, демек, 2 мегаваттык/сааттык кубатуулукта иштеген ГЭС курууга болот. Эгер плотина дагы да жогору көтөрүлүп, суу топтолсо, 3,5 мегаватт/саат кубатында электр тогун өндүрүү мүмкүн.
Жергиликтүү “Ынтымак” жамаатынын төрагасы Абдуллахаб Нуралиев шаардын келечеги үчүн кам көрүү бийликтин гана эмес, ар бир жарандын да милдети экенин айтат.
-Биз Майлуу-Суу шаарын таза суу жана арзан электр кубаты менен камсыз кылуу аракетин баштадык. Муну үчүн Жалал-Абаддан атайын адистерди чакырып, алардын пикирин уктук. Курса болот экен. Эми керектүү уруксатнаамалар бүтсө, инвестор тартуу менен чакан ГЭС куруу ишин баштасак дейбиз. Максатыбыз – Майлуу-Суу шаарын көрктөндүрүү, жашоосун жакшыртуу, кийинки муундарга жакшы шарттарды түзүп берүү.
Ал эми “Майлуу-Суу элдик жамааты” жамаатынын төрагасы Бектурсун Алибеков бул идеянын ишке ашырылышы үчүн мамлекеттик казынадан каражат кетпей турганын, өкмөттөн бир тыйын албай эле чакан ГЭС долбоорун ишке ашырыша турганын айтат.
-Бул биз баштап жаткан демилге, аны ишке ашыруу аракеттерибиз үчүн республикалык же жергиликтүү бюджеттен бир тыйын коробойт. Мамлекетти, өкмөттү, депутаттарды же жергиликтүү бийликти карап отурбай, биз өз демилге менен сырттан же өзүбүздөн инвестор тартып келип, шаарыбыздын жашоосун жакшыртууга аракет баштадык. Албетте, ойду омкоруп, тоону томкоруп жиберебиз деп, төш какпайбыз. Бирок, атайын адистерди катыштырып, долбоорлорун даярдап, керектүү чыгымдарын эсептеп, ала турган пайданы боолгоп, тийиштүү кызыккан тараптар менен иш алып барса болот. Эгер инвесторго жакса, албетте ал өз эсебинен курат, мамлекеттин казынасынан кетпейт. А мүмкүн шаардыктар да салым кошуп калар, аны бара көрөрбүз, — дейт ал. — Биздин көздөгөнүбүз – плотинада топтолгон суу тунуп калат, ошол тунук суу ылдый агып, шаарыбыздын суу кампасына барат, ага баратып генераторду айландырып өтөт. Эми бийликтин көзүн карап отура бербей, элди мобилизациялоо жагын карап атабыз да, бул маанилүү нерсе. Биздин жерибиздей бейиш жер жок, биз шаарыбызды жок кылбай, аны өнүктүрүшүбүз керек, максат ошол. Эми бизге ар кандай тоскоолдуктар болбосо, жардам беришсе деген эле тилек. Бизге тыйын да, бийлик да, мандат да, кызмат да керек эмес, эч ким менен эч нерсе талашпайбыз.
Адис А. Досбаев бул идея бир гана Майлуу-Суу шаары үчүн эмес, шаардын жака белиндеги аймактардын өнүгүшү үчүн да маанилүү экенин баса белгиледи.
— Эгер идея ишке ашса, Майлуу-Суу шаарынын аймагы, Ноокен районунун Бүргөндү, Маданият, Момбеков аймактарын сугат суу менен камсыз кылуу мүмкүндүгү түзүлөт. Ал эле эмес, суу насосу менен тоолуу аймактын бош жаткан жерлерин да сугарып, бак, жашылча өстүрүү менен өздөштүрүүгө болот. Жайыттарды калыбына келтирүү жагын чечкенге да жол ачылат. Бул иштин экономикалык, экологиялык, социалдык алып келер пайдасы зор.
Жергиликтүү жамааттар билек түрүнө аракетти башташты. Эми бул демилгени жергиликтүү бийлик, жергиликтүү кеңеш тийиштүү документтер, уруксатнаамалар менен колдоп, жардам берсе экен деген тилекти билдиришти.